20-22-август күндөрү Кыргызстанда абанын температурасы төмөндөшү мүмкүн
20-22-август күндөрү Кыргызстандын аймагында абанын
температурасы төмөндөшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12⁰, күндүз 20…25⁰, Талас
өрөөнүндө түнкүсүн 4…9⁰, күндүз 18…23⁰, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17⁰, күндүз 24…29⁰, тоо этектеринде түнкүсүн 7…12⁰, күндүз 21…26⁰, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2⁰, күндүз 12…17⁰, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 6…11⁰, күндүз 18…23⁰, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7⁰, күндүз 19…24⁰, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6⁰, күндүз 10…15⁰, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7⁰, күндүз 3…8⁰ка чейин төмөндөшү болжолдонот.
Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан
соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20
метрге чейин жетиши ыктымал.