Спорт

Кыргыз балбандары жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алты медаль жеңди

Кыргыз балбандары Болгариядагы 20 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алты медаль жеңди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Кыздар арасында Нурзат Нуртаева (68 кг) күмүш, Дилназ Сазанова (65 кг) коло медаль тагынды. Грек-рим күрөшү боюнча Баяман Каримов (63 кг) күмүш, Нуристан Сүйөркулов (55 кг) менен Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) коло утту.

Ал эми эркин күрөш боюнча Мухаммад Абдуллаев (79 кг) коло медалга татыды.

Күрөштүн үч түрү боюнча мелдеш 15-21-августта София шаарында өттү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button