Саясат
Жогорку Кеңештин депутаттары 1-сентябрда каникулдан кайтып келет
Жогорку Кеңештин депутаттары эки айлык тыныгуудан кийин жумушуна кайтып келет. Бул тууралуу Парламенттин маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 1-сентябрь күнү саат 10:00дө жыйындар залында экинчи сессиясынын ачылышы болот.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын биринчи сессиясы 30-июнда жыйынтыкталып, депутаттар жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушууга кеткен. Бул эки айлык эс алуу катары да саналат.