Спорт

Акжол Махмудов дүйнө чемпионатында алтын үчүн күрөшөт

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.

Махмудов 77 кг салмакта мелдештин тандоо турунан, башкача айтканда, 1/16 финалынан баштап катышууда. Ал алгач бразилиялык балбанды 11:1, кийин мексикалык спортчуну 8:0 эсебинде уткан. Чейрек финалда кыргыз балбаны түркиялык Юнус Эмре Башарды 9:7 эсебинде артта калтырып, чемпионаттын жарым финалына өткөн. Жарым финалда Акжол кореялык Ким Хён У менен кармашып, аны 4:1 эсебинде жеңди.

Эми Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болуш үчүн финалда венгриялык Золтан Леваини утушу керек. Финалдык күрөшүү эртең, 11-сентябрда болот.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Монголияда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп, анда дагы Махмудов кореялык Ким Хён У менен жарым финалда кез келген. Ал мелдеште кыргыз балбаны бардык атаандаштарын утуп, Азия чемпиону болгон.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button