Коом

Баткенде чек арада каза болгондорго багыштплып куран окулду

Бүгүн, 26-октябрда Баткен жана Лейлек районунун аймагында 14-17-сентябрь күнү орун алган тажик тараптын кол салуусунан каза болгон 63 жарандын 40 күндүгү өткөрүлүп, аларга багышталып куран окулду. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Возможно, это изображение 4 человека и люди стоят

Маалыматка караганда, эскерүү иш чарасына Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Кыргызстан Мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдүшүкүр ажы Нарматов жана облустук мекеме ишканалардын жетекчилери, район жетекчилери, каза болгон жарандардын жакындары ошондой эле аксакалдар катышты.

Жалпысынан 250дөн ашык адам катышкан иш чарада облус башчысы Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп, каза болгондордун жакындарына өлкө башчы Садыр Жапаровдун жана жеке өзүнүн атынан көңүл айтып, сабырдуулук каалады.

Ошондой эле иш чаранын жүрүшүндө каза болгондордун урматына багышталып куран окулуп, дуба кылынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button