Коом

«Азаттык Медиа» сайтынын иши 2 айга токтотулду

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медианын» сайтынын ишин 2 айга токтотту.

Министрликтин расмий маалыматы боюнча, бул чара аталган сайтта Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келген маалыматтын жарыяланышына (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы чек арадагы окуя боюнча такталбаган маалымат) байланыштуу.

Министрлик 16-сентябрда «Настоящее время» («Азаттык Медианын» ведомстволук түзүмү) видеоматериалы боюнча («Тяжёлые бои на границе Кыргызстана и Таджикистана | АЗИЯ») «эфирде касташтыруу, Кыргызстан Тажикстанга кол салганы тууралуу такталбаган маалымат, дискриминация элементтери» бар деп аныктаган.

Министрлик 17-сентябрда «Азаттык Медианын» дарегине Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернеттеги жалган маалыматтан коргоо жаатындагы мыйзамдарды кынтыксыз аткаруу керек экендиги тууралуу кайрылуу жөнөткөн.

«Бирок бул кайрылуу четке кагылып, «Азаттык Медиа» жооп берген эмес жана тийиштүү чараларды көргөн эмес», — деп айтылат маалыматта.

Ошондуктан министрлик «Жалган маалыматтан коргоо» жөнүндө мыйзамдын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде 24-октябрда «Азаттык Медиага» кайрылуу жөнөтүлгөндөн кийин 24 сааттын ичинде материал өчүрүлүшү керек экендиги жөнүндө кат жөнөткөн.

Министрликке «Азаттык Медиадан» материалды өчүрүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгы тууралуу жооп келген. Бирок бүгүнкү күндө видеоматериал өчүрүлө элек.

Буга байланыштуу министрлик «Азаттык Медианын» сайттарынын ишин 2 айга токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button