Коом
Тажикстандын кол салуусу. Калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө 1,3 млрд сом бөлүндү
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам жабыркаган Баткен жана Ош облустарында калыбына келтирүү иштерине 1,3 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бул каражат КР президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы №313 «Баткен жана Ош облустарынын администрациялык-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында «Капиталдык салымдар» беренесине ылайык бөлүндү.
«Анын ичинен 1 млрд сому жашоочулардын турак жайларын калыбына келтирүүгө жана 300 млн сом жолдорду жана көпүрөлөрдү реконструкциялоого каралган», — деп айтылат маалыматта.