Президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди
Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон 1 күндүк иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ал Астанадан Бишкек шаарына кайтып келди.
Иш сапарынын алкагында Астана шаарында жогорку деңгээлдеги, анын ичинде Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
«Садыр Жапаров «Борбор Азия – Европа Биримдиги” лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышып, Кыргызстан Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы аймактар аралык кызматташтыктын кыйла потенциалы бар экенин көрүп тургандыгын белгиледи.
Ушул эле күнү кечинде президент Садыр Жапаров, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев жана Европа Кеңешинин президенти Шарл Мишель Астана шаарында 29-октябрга чейин улана турган Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты, — деп айтылат маалыматта.