Коом

УКМК контракт менен кызматка алына турчу талапкерге кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштоодо

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» өкмөттүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №185 токтомуна (мындан ары — жобо) өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.

Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Токтом долбоорунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (мындан ары – УКМК) кызматка алууда талапкерлерге кошумча талаптар киргизилген. Алар:

— Куралдуу күчтөрүнүн катарында милдеттүү аскер кызматын өтөө жана полиграфиялык изилдөөдөн өтүү;

— Кыргыз Республикасынан тышкаркы аймактарда аскер кызматына талапкердин менчик мүлккө укуктарынын, буюмга укуктарынын, милдеттеринин ж.б. жоктугу.

Ошондой эле токтом долбоорунда контракт түзүү, аны узартуу, өзгөртүү, бузуу жана токтотуу тартибин УКМК жетекчиси аныктай тургандыгы көрсөтүлгөн, ал эми аскер кызматынан бошогон учурда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери УКМКнын же Куралдуу күчтөрдүн запасына чыгарылат.

Мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамынын 30-беренесинин 3-пунктунун 4-абзацына ылайык жобого чек курагынан жогору аскер кызматчыларынын аскер кызматында болуусунун анык мөөнөтүн аныктаган пункт киргизүү сунушталууда.

Салыштырма таблица:

Учурдагы редакция Сунушталган редакция
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобо

2-глава

Контракт боюнча аскердик кызматка аныкталуучуларга талаптар

21. Офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызматына контракт боюнча аскердик кызматка кирүүчү жарандар Мыйзамда белгиленген талаптарга жооп бериши керек.

22. Контракт боюнча аскердик кызматка төмөнкү жаран кабыл алынбайт: 1) медициналык комиссиянын корутундусуна ылайык аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга жолтоо болгон оорусу бар болсо; 2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген чектөөлөрдү өзүнө алуудан баш тартса; 3) аскердик кызматка келген убакта, мыйзам менен белгиленген тартипте соттолгондугу жоюла элек же алынып салына элек же ага карата кылмыш иши козголсо. Улуттук коопсуздук органдарында соттолгондугу жоюлган же алынып салынгандыгына карабай, кылмыштары үчүн соттолгон адамдар аскердик кызматты өтөй албайт; 4) аскердик кызматка келгенге чейин, бир жыл аралыгында соттук тартипте атайын укук бузгандыгы үчүн ага административдик жаза салынса; 5) кызматына ылайык келбегендиги боюнча мамлекеттик (аскердик) кызматтан бошотулган, эгерде аны бошоткон күндөн баштап бир жыл өтө элек болсо; 6) жаман жоруктары боюнча аскердик кызматтан бошотулган, эгерде аны бошоткон күндөн баштап бир жыл өтө элек болсо. Контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алууда, талапкерлерге Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылар менен аныкталуучу кошумча талаптар коюлушу мүмкүн. Мурда ушул Жобонун 186-пунктунун 5 — 9-1-пунктчаларында жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставынын 106-пунктунда каралган негиздер боюнча аскердик кызматтан бошотулган жарандар улуттук коопсуздук органдарына контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алынбайт.

2-глава

Контракт боюнча аскердик кызматка аныкталуучуларга талаптар

21. Офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызматына контракт боюнча аскердик кызматка кирүүчү жарандар Мыйзамда белгиленген талаптарга жооп бериши керек.

22. Контракт боюнча аскердик кызматка төмөнкү жаран кабыл алынбайт: 1) медициналык комиссиянын корутундусуна ылайык аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга жолтоо болгон оорусу бар болсо; 2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген чектөөлөрдү өзүнө алуудан баш тартса; 3) аскердик кызматка келген убакта, мыйзам менен белгиленген тартипте соттолгондугу жоюла элек же алынып салына элек же ага карата кылмыш иши козголсо. Улуттук коопсуздук органдарында соттолгондугу жоюлган же алынып салынгандыгына карабай, кылмыштары үчүн соттолгон адамдар аскердик кызматты өтөй албайт; 4) аскердик кызматка келгенге чейин, бир жыл аралыгында соттук тартипте атайын укук бузгандыгы үчүн ага административдик жаза салынса; 5) кызматына ылайык келбегендиги боюнча мамлекеттик (аскердик) кызматтан бошотулган, эгерде аны бошоткон күндөн баштап бир жыл өтө элек болсо; 6) жаман жоруктары боюнча аскердик кызматтан бошотулган, эгерде аны бошоткон күндөн баштап бир жыл өтө элек болсо. Контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алууда, талапкерлерге Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылар менен аныкталуучу кошумча талаптар коюлушу мүмкүн. Мурда ушул Жобонун 186-пунктунун 5 – 9–1-пунктчаларында жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставынын 106-пунктунда каралган негиздер боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ишин жөнгө салган атайын мыйзамда белгиленген негиздер боюнча аскердик кызматтан бошотулган жарандар улуттук коопсуздук органдарына контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алынбайт. Кызматка каралып жаткан адам ушул Жобонун жана улуттук коопсуздук органдарынын ишин жөнгө салган атайын мыйзамда белгиленген талаптардын бирине ылайык келбесе, аны улуттук коопсуздук органдарына аскердик кызматка албоого, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынан бошотууга негиз болот.

3-глава

Контракт боюнча аскердик кызматты өтөө үчүн талапкерлерди тандоо тартиби

29. Контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө каалоосун билдирген талапкердин арызы ушул Жобонун 22-пунктунда каралган жоболорду эске алуу менен кайтарылууга жатат. Контракт боюнча аскердик кызматка кабыл албаган учурда, талапкерге жазуу түрүндөгү жооп берилет, анда баш тартуунун себеби көрсөтүлөт.

3-глава

Контракт боюнча аскердик кызматты өтөө үчүн талапкерлерди тандоо тартиби

29. Контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө каалоосун билдирген талапкердин арызы ушул Жобонун 22-пунктунда каралган жоболорду эске алуу менен кайтарылууга жатат. Контракт боюнча аскердик кызматка кабыл албаган учурда, талапкерге жазуу түрүндөгү жооп берилет, анда баш тартуунун себеби көрсөтүлөт.

29–1. Улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси улуттук коопсуздук органдарынын ишин жөнгө салган атайын мыйзамга ылайык улуттук коопсуздук органдарына талапкерлерди тандоо жана кабыл алуу иш-чараларын уюштуруу өзгөчөлүктөрүн жана жүргүзүү тартибин аныктайт. Улуттук коопсуздук органдарына кызматка талапкерлер психофизиологиялык, медициналык күбөлөндүрүүдөн, полиграфтык изилдөөдөн, ошондой эле кызматка жарамдуулугун аныктоо үчүн атайын текшерүүдөн жана тестирлөөдөн өтүшөт, аларды өтүү тартибин улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси аныктайт.

5-глава

Контракт түзүү тартиби. Контракт боюнча аскердик кызматтын башталышы, мөөнөтү жана аякташы

33. Биринчи контракт төмөнкү типтик форма боюнча түзүлөт: 1) контракт боюнча аскердик кызматка кирген жарандар менен (1-тиркеме); 2) аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылар менен (1-тиркеме); 3) аскер окуу жайына тапшыруучу прапорщиктер менен (3-тиркеме).

37. Жаңы контракт төмөнкү типтик форма боюнча түзүлөт: 1) контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылар менен — аскердик кызматта болуунун чектүү жашы же пенсия алууга укук берүүчү кызмат өтөө мөөнөтү келгенге чейин ар бир жолу; 2) бир же андан ашык жылга окуу мөөнөтү менен аскердик окуу жайларына өтүүдө офицерлер менен, адъюнктурага же аскердик докторантурага — окуунун бардык мезгилине жана аларды бүткөндөн кийин аскердик кызматтын үч жыл аралыгына (2-тиркеме); 3) контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан прапорщиктер менен жогорку аскер окуу жайына өтүүдө.

5-глава

Контракт түзүү тартиби. Контракт боюнча аскердик кызматтын башталышы, мөөнөтү жана аякташы

33. Биринчи контракт төмөнкү типтик форма боюнча түзүлөт: 1) контракт боюнча аскердик кызматка кирген жарандар менен (1-тиркеме); 2) аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылар менен (1-тиркеме); 3) аскер окуу жайына тапшыруучу прапорщиктер менен (3-тиркеме).

331. Улуттук коопсуздук органдарында контракттын формасын жана шарттарын, аны түзүү, узартуу, өзгөртүү, бузуу жана токтотуу тартибин улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси аныктайт.

37. Жаңы контракт төмөнкү типтик форма боюнча түзүлөт: 1) контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылар менен — аскердик кызматта болуунун чектүү жашы же пенсия алууга укук берүүчү кызмат өтөө мөөнөтү келгенге чейин ар бир жолу; 2) бир же андан ашык жылга окуу мөөнөтү менен аскердик окуу жайларына өтүүдө офицерлер менен, адъюнктурага же аскердик докторантурага — окуунун бардык мезгилине жана аларды бүткөндөн кийин аскердик кызматтын үч жыл аралыгына (2-тиркеме); 3) контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан прапорщиктер менен жогорку аскер окуу жайына өтүүдө.

37–1. Чектелген жаштан жогору аскердик кызматта калтырылганаскер кызматчылары мененаскердик кызматы узартылган мөөнөткөаскердик кызмат өтөө жөнүндө жаңы контракт түзүлөт.

VI бөлүм

Аскердик кызматтан бошотуу

1-глава

Аскердик кызматтан бошотуу

186. Аскердик кызматты контракт боюнча өтөп жаткан аскер кызматчылар аскердик кызматтан запаска төмөнкү шарттарда бошотулат:

6-1) Улуттук коопсуздук органдарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө күбөлөндүргөн кызматтык териштирүүнүн корутундусунун негизинде мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча ишеничтен кеткендигине байланыштуу бошотулушу мүмкүн: … — алар Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарды жана чектөөлөрдү сактабаганы;

3-глава

Аскер кызматчыларды аскердик кызматтан бошотуу тартиби

201. Аскердик кызматта 20 жыл жана жеңилдик эсептөөдө андан көп кызмат өтөгөн аскер кызматчыларга, Кыргыз Республикасынын коргоо, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар, улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу жана Башкы прокуратуранын (аскердик прокуратуранын) органдарынын жетекчилеринин буйруктары менен запаска же отставкага бошотууда, ушул Жобонун 186-пунктунун «д», «е», «ж», «з», «и» пунктчалары, 187-пунктунун «а» пунктчасы менен каралган негиздер боюнча бошотулган адамдардан тышкары аскер кызматчыларга аскер форма кийимин кийүү укугу берилет.

VI бөлүм

Аскердик кызматтан бошотуу

1-глава

Аскердик кызматтан бошотуу

186. Аскердик кызматты контракт боюнча өтөп жаткан аскер кызматчылар аскердик кызматтан запаска төмөнкү шарттарда бошотулат:

6-1) Улуттук коопсуздук органдарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө күбөлөндүргөн кызматтык териштирүүнүн корутундусунун негизинде мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча ишеничтен кеткендигине байланыштуу бошотулушу мүмкүн: … — алар Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарды жана чектөөлөрдү сактабаганы;

3-глава

Аскер кызматчыларды аскердик кызматтан бошотуу тартиби

201. Аскердик кызматта 20 жыл жана жеңилдик эсептөөдө андан көп кызмат өтөгөн аскер кызматчыларга, Кыргыз Республикасынын коргоо, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар, улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу жана Башкы прокуратуранын (аскердик прокуратуранын) органдарынын жетекчилеринин буйруктары менен запаска же отставкага бошотууда, ушул Жобонун 186-пунктунун “д”, “е”, “ж”, “з”, “и” пунктчалары, 187-пунктунун “а” пунктчасы менен каралган негиздер боюнча бошотулган адамдардан тышкары аскер кызматчыларга аскер форма кийимин кийүү укугу берилет.

202. Аскердик кызматтан бошотулган улуттук коопсуздук органдарынын аскер кызматчылары улуттук коопсуздук органдарында аскердик каттоодо же Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн запасында турушат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button