Акылбек Жапаров: Чек арадагы текшерүүлөрдү минималдаштыруу зарыл
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астанада өтүп жаткан КМШнын өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынында азык-түлүктү экспорттоого чектөө чараларын кайрадан карап чыгып, чек арадагы ар кыл тоскоолдуктарды жана текшерүүлөрдү минималдаштыруу зарыл экенин билдирди.
Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан кабарда Жапаров өз сөзүндө улуттук экономикалардын тышкы рыноктордон көз карандылыгын төмөндөтүү жана КМШ ичинде ишкер байланыштарды жандантуу боюнча практикалык чараларды ишке ашырууга басым жасаганы айтылат.
«Биргелешкен инновациялык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен күч-аракеттер аркылуу гана биз бирикменин жалпы экономикасында импорттук компоненттерге болгон көз карандылыкты кыскарта алабыз. Бул үчүн биринчи кезекте КМШда эркин соода аймагы жөнүндө макулдашуунун потенциалын толук ачып берүү жана товардык жана инвестициялык агымдардын кыймылы үчүн шарттарды максималдуу жөнөкөйлөштүрүү талап кылынат», — деди ал.
Жапаров азык-түлүктү экспорттоо боюнча чектөө чараларын кайрадан карап чыгуу, чек аралардагы ар кандай тоскоолдуктарды жана текшерүүлөрдү азайтуу, иштеп жаткан транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана жаңысын түзүү зарыл экенине токтолду.
Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 2022-жылдын январь-августунда 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,7 пайызга өскөн, ал эми экспорт 41,0 пайызга, импорт 25,7 пайызга жогорулаган.
Министрлер кабинетинин төрагасы миграциялык күн тартипке кеңири токтолду.
«Биз тараптарды эмгек миграциясы жаатында кызматташууну активдештирүүгө чакырабыз. Шериктештиктин алкагында тышкы эмгек миграциясы жана анын масштабы биздин өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу таасирин тийгизип, коомдун дээрлик бардык тармактарына таасирин тийгизери талашсыз. Биримдик өлкөлөрүнүн алдында КМШда жалпы эмгек рыногунун орун алуусунун зарыл шарты катары ички чек аралардан эркин өтүүнү камсыз кылуу боюнча маанилүү милдет турат деп эсептейбиз», — деди Жапаров.
Сөзүнүн соңунда ал 2023-жылы белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү пландалып жаткандыгын билдирди.
«Жазуучунун 157 тилге которулган чыгармалары менен тааныш болгон дүйнөлүк коомчулук бул иш-чарага кошулат деп ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.