Коом

Эт менен челдин ортосунда жүргɵн Талант Мамытов оппозияга ɵттүбү?

Кыргыз коомчулугунда аты-жыты белгисиз Талант Мамытов 2010-жылы Ата-журт партиясы менен, 2015-жылы “Республика-Ата-Журт” партиясынын катарында депутат болгон. Ага чейин аймактарда райондук прокуратураларда иштеп жүргɵн. ϴзү укук коргоо тармагында иштегени менен, кандайдыр бир жолдор аркылуу  саясатчыларга аралашып, депутат, андан кийин 2020-жылы Жогорку Кеңештин Тɵрагасы болуп шайланган.

Эт менен челдин ортосунда жүргɵн Таланттын Мамытов коомчулукка Ак үйдүн кашарынан секирип, камакка алынгандан баштап тааныла баштаган. 2013-жылдын август айында Т.Мамытов Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан бийликти күч менен басып алууга аракет кылган (КР Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси) жана Конституциялык түзүлүштү өзгөртүү (297-берене), күч колдонууга чакырган деген айып менен шарттуу түрдө 1,5 жылга эркинен ажыратылган.

Мамытов үч жолу депутат болуп шайланып, эмне иш жасап, кандай мыйзам жазган? Бул суроого ɵзүнүн да жообу болбосо керек. 7-чакырылыштын Тɵрагасы катары эң начар, уюштуруу жɵндɵмү жок экенин кɵрсɵттү. 7-чакырылыштын депутаттарынын аброюн айрандай тɵктү. Акыркы бийлик алмашуудан кийин депутаттык топ менен Россиянын Думасына жардам сурап барып, океңдерден тил угуп, кɵзүн ирмебей отуруп бергени элдин сынына кабылган. Океңдер жардам сурап келгениңер келген деген таризде зекиген. Мамытов алардын сүйлɵшүүсүнɵ реакция жасабаганы байкалган. Андан дагы журналисттердин суроосуна жооп бере албай качып кеткен. Мунун баары социалдык тармактарда катуу талкууланып, билимсиз, мамлекетчил адам катары ɵсүп жетиле электигин далилдеп, ЖКнын Тɵрагасы катары элди иренжиткен.

Акыркы кыймыл-аракети болсо, оппозицияда жүрүп кынык алып, бийликке оңой жетүү ыкмасын ɵздɵштүргɵнүн кɵрсɵтɵт. ϴзү менен дайыма тарапташ, пикирлеш болуп, ысык-суукта бирге жүргɵн досторунун саясатын колдобой басып кеткени түшүнүксүз болуп калды.  Талант мырза канчалык мекенчилмин дегени менен саясаттагы буга чейин иштери үчүн дайыма жооптуу болорун эске алуусу зарыл. Ала карга болуп, элден бɵлүнɵм дегени адам катары да туура болбой калат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button