Коом

Кыргызстанда айрым товарлар арзандады. Антимонополия кызматынын тизмеси

Кыргызстандын Монополияга каршы кызматы орточо баасы өзгөргөн товарлар боюнча маалымат берди.

Анда жазылгандай, бир апта аралыгында көпчүлүк товарлар кымбаттаган, бирок арасында арзандагандары да бар.

Антимонополия кызматы 19-октябрдан 26-октябрга чейинки бааларды салыштырган.

Тизме:

биринчи сорттогу ун (таңгакталган) — 55,2 сомдон 54,9 сомго арзандаган;

кумшекер — 88,3 сом болсо, азыр 88,2 сом;

күрүч (импорттолгон) — 110,8 сом болсо, учурда 110 сом;

гречка — 115,6 сом болчу, азыр 114,9 сом;

таруу — 60,4 сом болчу, эми 60,1 сомдон сатылууда;

фасоль — 111,7 сомдон 110,1 сомго арзандады;

тазаланган күн карама майы — 153,9 сомдон 150 сомго арзандады;

картошка — 24,6 сомдон 24 сомго түшкөн;

сарымсак — 163,1 сом болсо, учурда 160,3 сом;

алма (Кыргызстанда өстүрүлгөн) — 51,6 сомдон 50 сомго түштү;

сырттан ташылган алма — 105,5 сомдон 99,2 сомго арзандады;

цемент М-400 (Кыргызстанда чыгарылган) — 358,9 сом болчу, азыр 356,8 сом;

№40 тигүү жиптери (1 түрмөгү) — 41,8 сом болчу, учурда 40,7 сомдон;

жаныбарлардын жеми (аралашма тоют) — 41 сом болчу, учурда 38,8 сомдон сатылууда;

малдын жеми (кебек) — 20,2 сомдон 19,8 сомго түшкөн;

жүгөрү жеми — 25,8 сом болчу, эми 25,6 сомдон сатылып жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button