Коом
«Комтранском» Октябрь районун тейлөөнү токтотту. Себеби
Бишкек шаарынын Октябрь районундагы катуу тиричилик таштандыларын кайрадан «Тазалык» муниципалдык ишканасы тейлей баштады.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, 29-октябрдан тарта «Комтранском» менчик ишканасы Октябрь районун тейлөөнү токтоткон.
Аталган компаниянын келишимди бузуусунун башкы себеби, 2016-2022-жылдар аралыгындагы топтолгон 12 миллион сом карыз болгон.
Маалымат үчүн: Борбор калаада таштанды үчүн бир адам айына 22,50 сом төлөйт. Учурда Октябрь району боюнча линияда 17 даана атайын техника иштеп, 133 тонна таштанды чыгарылды.