Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Калаанын атын өзгөртүүнү мэр Эрнисбек Ормоков шаардык кеңешке сунуштап, бул демилге депутаттардын колдоосун тапкан.
Эми алдыда шаардын аталышын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып, ал Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет. Эгер аны парламент колдоп берсе, мыйзам президентке жөнөтүлүп, өлкө башчы кол койгондон кийин Жалал-Абаддын аты Манас болуп өзгөрөт.

