Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча Ош шаардык мэриясынын, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жана Ош шаарынын архитектурасынын жооптуу кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши боюнча КР УКМК тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.

Белгиленгендей, 2022-жылдын 8-сентябрында Ош шаарынын биринчи вице-мэри И.М.А. 55 гектардан ашык айыл чарба жерлерин өндүрүштүк категорияга мыйзамсыз которуу боюнча токтомдорго кол койгон. Алардын негизинде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Оштогу бөлүмү тарабынан “К.Т.” ЖЧКсынын пайдасына мамлекеттик актылар берилген.
Жүргүзүлгөн бир катар ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2025-жылдын 21-августунда Ош шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри И.М.А. КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) менен айыпталган.
Ош шаардык соту И.М.А.га карата 2025-жылдын 31-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандады.
КР УКМК жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.

