Мыйзамсыз жүк ташууга шектелип милиция кызматкерлери кармалды


Эт азыктарына бааларды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугунун тобокелдигин алдын алуунун алкагында КР УКМК Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен биргеликте Баткен облусунун аймагында 29 баш асыл тукум малды жана 131 баш майда малды мыйзамсыз алып өтүү аракетинин алдын алды.


Учурда мыйзамсыз жүк ташуунун уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын жарандары Т.З.М. (милициянын запастагы подполковниги),
М.А.Ж., И.А.Р., Т.у.Д. жана А.у.М. экени аныкталды. КР УКМК азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды улантууда.