Спорт

Футболчу Пеле каза болду

Бразилия футбол командасынын курамы менен үч ирет дүйнө чемпиону болгон Пеле көз жумду. Бул тууралуу даңазалуу футболчунун кызы Келли Кристина Насименту Instagram* баракчасы аркылуу билдирди.
Пеле 82 жашта болчу.
«Ээ болгон нерсебиздин баарына сенин аркаң менен жеткенбиз. Сүйүүбүз чексиз. Жаткан жериң жайлуу болсун«, — деп жазган Келли.
Пеле аты менен дүйнөгө таанылган Эдсон Арантис ду Насименту 1940-жылы 23-октябрда Бразилияда жарык дүйнөгө келген. Оюнчу катары үч ирет дүйнө чемпиону болгон (1958, 1962, 1970) жалгыз футболчу. 92 оюнда 77 гол киргизип Бразилиянын футбол тарыхында мыкты чабуулчу аталган. Мындай жетишкендикке азыр Неймар ээ. Пеле профессионалдык карьерасында эң көп гол киргизген оюнчу катары Гиннес китебине кирген. Айрым маалыматтар боюнча, дарбазага киргизген тобунун саны 1 281 делет.
Клубдук деңгээлде Пеле 18 жыл бою «Сантосто» болду. Дагы үч жыл америкалык «Нью-Йорк Космос» клубу үчүн ойноп жүрүп, ошону менен 1977-жылы карьерасын жыйынтыктаган.
Андан кийин бир нече тасма менен сериалдарга тартылып, кайрымдуулук долбоорлорунун автору болгон. 1994-жылы ЮНЕСКОнун ыктыярдуу элчиси болуп дайындалып, 1995-жылы Бразилиянын спорт министри кызматын аркалаган.
Былтыр сентябрда Пеленин жоон ичегисинен залалдуу шишик аныкташкан. 2022-жылдын ноябрында денесин шишик басып, жүрөгү начарлагандыктан ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк спортчунун организмине химиялык терапия таасир этпей калганы маалымдалган болчу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button