Балыкчыдагы мыйзамсыз менчиктештирилген имарат мамлекетке кайтарылды


КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында “Балыкчы мамлекеттик агроөнөр жай комплексинин” жерлерин жана мүлктүк комплекстерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугуна текшерүү жүргүздү.


Текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын аймагында жайгашкан, аянты 1,3 га кампа имараттары жана курулмалары бар база түрүндөгү курулуштары менен жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жеке жак мыйзамсыз алгандыгы аныкталган.
Тактап айтканда, “Балыкчы мамлекеттик агроөнөр жай комплекси» мамлекеттик мүлктү тескөөгө мыйзамдуу негиз жок туруп, аны 1992-жылдагы келишим менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу жолу аркылуу, жол-жоболоштуруп, үчүнчү жактардын менчигине өткөрүп бергени такталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында жер тилкеси жана мүлк комплекстери кайтарылып, Балыкчы шаардык мэриясынын балансына берилди.