Коом

Эмгек министрлигинин социалдык мекемелеринде текшерүү жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги министрликтин социалдык мекемелеринде текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Беловодск балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси, Шопоков шаарындагы үй-бүлө тибиндеги балдар үйү жана Сокулук районунун Маловодный айылында жайгашкан майыптыгы бар адамдар үчүн Сокулук реабилитациялык борбору текшерилди.

Анын жүрүшүндө азык-түлүк кампалары, кызмат алуучулардын жашоо шарты, социалдык мекемелердеги жылуулук жана жер-жерлерде кадрлардын бар экендиги текшерилди.

Текшерүүдө бузуулар аныкталган жок, мекемелер штаттык режимде иштеп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button