Коом

Караколдо 105-сериядагы көп кабаттуу жаңы үй куруу пландалууда

Караколдо атайын конструктордук бюро менен 105-сериядагы көп кабаттуу жаңы үй куруу пландалууда.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, тендер Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Курулуш жана инженердик инфраструктура департаменти тарабынан жарыяланган.
Көп кабаттуу үй Кашка-Суу №14 кичирайонундагы Масалиев жана Иппоромный көчөлөрүнүн кесилишине салынмакчы.
Тендердин пландалып жаткан суммасы 298 млн 498 миң 630 сом, сынактык билдирүүлөрдү тапшыруунун мөөнөтү — 31-январга чейин.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бир суткада 105 дарыгер вирус жуктуруп алды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 105 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 25
• Чүй облусунда – 13
• Ош ш. – 19
• Ош облусунда – 14
• Жалал-Абад облусунда – 5
• Баткен облусунда – 21
• Ысык-Көл облусунда – 8
Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1980 учур катталды, алардын ичинен 576 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Дарыгерлерге апрелде 105 млн сом компенсация которулду

Учурда Саламаттык сактоо министрлигинин жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун депозиттик эсебинен 244 саламаттык сактоо уюмдун депозиттик эсебине апрель айында эпидемия очокторунда иш алып барган медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү төлөө максатында 105 млн 400 миӊ сом каражаты которулду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Ошондой эле, коронавирус инфекциясын жугузуп алуунун кесепетинен каза болгон саламаттык сактоо уюмунун медициналык кызматкери Жүзүмкан Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө 1 млн. сом өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button