Коом

«Түндүк» тиркемеси аркылуу паспорт, айдоочунун күбөлүгү сыяктуу документтерди санариптик форматта колдонсоңуз болот

Эми бардык маанилүү документтерди смартфонуңузда сактап, талап боюнча көрсөтсөңүз болот. Анткени бул тиркемедеги электрондук документтер юридикалык күчкө ээ.

«Түндүк» мобилдик тиркемесинин жардамы менен сиз санариптик форматта төмөнкү документтерди көрсөтө аласыз:

  • Паспорт
  • Айдоочунун күбөлүгү
  • Каттоо жөнүндө күбөлүк.

Процесс жогорку коопсуздукка ээ жана алдамчылык аракеттерин жокко чыгарат, анткени бир жолку QR коддорду автоматтык түрдө түзөт.

Мисалы, сизди патрулдук полиция токтотсо, «Түндүк» мобилдик тиркемеде суралган документтерди көрсөтсөңүз болот.

Кызматты колдонуу үчүн төмөнкү аракеттерди жасашыңыз керек:

1. ЦОНдо электрондук санариптик кол тамга алуу

2. «Түндүк» тиркемесин жүктөп алуу

3. Санарип кол тамгасы аркылуу мобилдик тиркемеге кирүү

4. Тиркемеде «санариптик документтер» бөлүмүнө өтүңүз

5. Документти тандап, бөлүшүңүз

6. Телефондун экранында пайда болгон ПИН жана кыска кодду көрсөтүңүз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button