Коом
7-февралга карата аба ырайы
Шейшембиде эртең менен кар жаап, туман түшүшү мүмкүн, күндүз күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында +4…+9, Таласта +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө +9…+14 градус жылуу болсо, Нарын аймагында -1…-6 градус суук болот.
Борбор калаада күндүн табы +6…+8, Ош шаарында +11…+13 градуска чейин көтөрүлөт.