Спорт
Кыргызстандын жаачылары Ташкентте өтчү Азия кубогуна катышат
Жаа атуу боюнча Кыргызстандын курама командасынын жети мүчөсү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтө турган Азия кубогуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Аталган мелдеш 30-апрелден 5-майга чейин уланат.
Улуттук команданын тизмеси:
Улукбек Курсаналиев;
Күлчоро Нурманбетов;
Мухаммед-Ислам Алмамбет уулу;
Айтурган Маматкулова;
Жибек Канатбек кызы;
Диана Канатбек кызы;
Элиза Тыналиева.
Кыргызстандык жаачылар Азия кубогуна башкы машыктыруучу Заирбек Бердибаевдин жетекчилиги алдында катышат.