КоомСпорт

Ысык-Көлдө эл аралык Run the Silk road марафону өтөт

Ысык-Көлдө 13-май күнү Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафону өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Ага ондогон мамлекетттен жөө күлүктөр келери күтүлүүдө. Старт жана финиш Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо болот.

Спортчулар тандаган категория боюнча 42, 21, 10 жана 3 чакырым аралыкка чуркашат. Ал эми скандинавиялык басууга 10 жана 3 чакырым каралган. Майыптыгы бар жарандар да катыша алат.

Уюштуруучулар: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Жеңил атлетика федерациясы, Эл аралык марафон дирекциясы.

Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафону Ысык-Көлдө быйыл 11-ирет өтүп жатат. Ал — Борбор Азиядагы эл аралык деген статуска ээ квалификациялык жалгыз жарыш. Мында жеңил атлетика боюнча Олимпиадага, дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына жолдомо берилет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button