Коом

ИИМ: Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жаңы ачылган шаардык милиция бөлүмү жарандарды кабыл ала баштайт 

2023-жылдын 24-майында Бишкек шаарында Биринчи май РИИБдин №8 шаардык милиция бөлүмүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш аземине ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Бишкек шаардык кеңешинин этика жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Таалайбек Сурапбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Усубалиев, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев жана Биринчи май РИИБдин №8 ШМБнын өздүк курамы катышышты.

Бишкек шаарынын ИИББнын 2021-2023 жылдарга өнүктүрүү программасын аткаруунун алкагында, ошондой эле Бишкек шаарынын ИИОнун кызматкерлеринин жумуш шарттарын жакшыртуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо, жардам сурап кайрылган жарандарга шарт түзүү максатында жана шаардын аймагында калктын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын “Көлмө” конушунун Мыскал — Жаштык көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап жаңы 2 кабаттуу шаардык милиция бөлүмчөсү курулуп, анын айланасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Иш-чараны ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов куттуктоо сөзү менен ачты.

“Бүгүн, “Көлмө” жаңы конушунун жашоочуларына, ошондой эле Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамына өзгөчө күн болуп турат. Биз турган ушул аймакта жергиликтүү жашоочулардын коопсуздугун күнү-түнү камсыздап, жардам сурап кайрылган жарандарды жеринде кабыл алып, иш-чараларды жүргүзүү үчүн бир катар көйгөйлөр орун алып келген. Себеби, аталган ишмердикти аткаруу үчүн милиция бөлүмү болгон эмес. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан каржыланып, кыска мөөнөттүн ичинде заманбап талаптарга жооп берген, өзүңүздөр көрүп турган бөлүмдүн ачылышын жасап жатабыз. Жалпыга бирдей болгон тартипти сактап, ар түрдүү укук бузууларды алдын алуу жумуштары — мына ушундай күжүрмөн шарттарды түзүү менен башталат. Тажрыйба көрсөтүп тургандай, эгерде өздүк курамга өз милдетти аткарууга мүмкүнчүлүк жакшы болсо, анда бардык жашоочулардын коопсуздугу бекем сакталат.

Анткени, милицияга түзүлгөн жаңы шарттар, ар түрдүү жагымсыз окуяларды алдын алууга, карапайым калкка ыкчам сервистик тейлөө көрсөтүүгө жакшы натыйжаларды алып келет. Биз ачып жаткан имараттын курулушуна түздөн- түз колдоо көрсөтүп, эл арасындагы коопсуздукту бекемдөөгө дайыма салымын кошуп келе жаткан Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилигине Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жана Бишкек шаардык ички иштер органдарынын өздүк курамынын атынан ыраазычылык билдирем.

Милициянын эң башкы милдети- мыйзамдуулукту камсыздап, коомдук тартипти туруктуу сактоо болуп эсептелет. Андан тышкары, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин натыйжалуу коргоону камсыз кылып, жалпы коом жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз байланышта иш жүргүзүү приоритеттүү багыттардын бири болуп саналат. Милициянын жүргүзгөн ишине, жасаган аракетине биринчи кезекте эл баа берет, мыкты иштеңиздер жарандардын ар бир кайрылуусу, арыздар жана сунуштары мыйзам чегинде ыкчам каралууга тийиш. Аталган конуштардагы коопсуздукту сактоодо ийгиликтерди каалаймын”, — деди Адылбек Бийбосунов.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button