Баткен облусунда 5152 бүтүрүүчү 11-классты аяктоодо
Бүгүн, 25-майда Баткен облусунун бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтүүдө.
Бул күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облустук гимназия-жатак мектебиндеги салтанатка катышты.
Облус башчысы бүтүрүүчүлөрдү жана окуучуларды, мугалимдерди окуу жылын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, “бул күн өзгөчө бүтүрүүчүлөр үчүн өтө маанилүү күн. Мектеп менен коштошуу, келечекке жаңы кадам таштоо, бүтүрүүчүлөрдүн жашоосундагы эң эсте калаарлык учур экени талашсыз. Силер мектепте билим тарбия алып, орто билимге ээ болдуңар. Эми жогорку окуу жайларда татыктуу билим алып, агай эжейлердин мээнетин, ата-энеңердин үмүт- тилектерин актайсыңар деп ишенебиз. Келечек силердин колуңарда” деп белгиледи.
Ыйгарым укуктуу өкүл аталган мектептин эмгек жамаатына “Ыраазычылык кат”, бир катар мугалимдерге “Ардак грамоталарын” тапшырды.
Быйылкы окуу жылында Баткен облусунда 5152 бүтүрүүчү 11-классты, 8283 бүтүрүүчү 9-классты аяктоодо.
Белгилей кетсек, 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясына жалпы 131 бүтүрүүчү катышып, алардын ичинен 14 окуучу “Алтын-тамга” артыкчылык аттестатына ээ болушту.
Анын алтоосу аталган Баткен облустук гимназия-жатак мектебинин окуучулары.
Ал эми предметтик олимпиаданын республикалык этабында I орунга-2 окуучу, II орунга-2 окуучу, III орунга-1 окуучу ээ болуп, жалпы 11 упай менен, Баткен облусунун командасы республикада 3-орунга ээ болду.