Коом

Салкын Алимбаева эки айга камакка алынды

 Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаева эки айга камакка алынды. Маалыматты Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Ага ылайык, Алимбаеванын баш коргоо чарасы кечээ Биринчи май райондук сотунда каралган.

«УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү сотто канааттандырылып, Алимбаева 24-июлга чейин камакка алынды. Ал УКМКнын тергөө камагына киргизилет», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Алимбаеванын адвокатынын билдирүүсүнө таянып, ал жер тилкелерин мыйзамсыз негизде ыйгарып алууга шектелип кармалганын жазышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button