Коом
29-майга карата аба ырайы
Бүгүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +24…+29, Талас аймагында +23…28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +27…+32, Ысык-Көл облусунда +18…+23, Нарын өрөөнүндө +16…+21 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +26…+28, Ош шаарында +30…+32 градуска чейин көтөрүлөт.