Коом
Жакында кыргыз-өзбек чек арасында 3 өткөрүү пунктунун иши жанданат
Жакында мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде 3 көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши жанданат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кыргыз тарап Жалал-Абад облусундагы «Бек-Абад» өткөрмө пунктун жана Ош облусундагы «Карабагыш» жана «Кара-Суу» өткөрмө пункттарын ачуу үчүн даярдады.
Азыркы учурда өзбек тарап өткөрмө пункттарды ачуу үчүн даярдоо иштерин жүргүзүп жатат.