Коом
6-июнга карата аба ырайы
Бүгүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Талас аймагында +28…+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +31…+36, Ысык-Көл жергесинде +22…+27, Нарын облусунда +20…+25 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +32…+34, Ош шаарында +34…+36, ал эми Чолпон-Атада +22…+24 градуска чейин көтөрүлөт.