Коом

Кыргызстанда жылына 160 миңге чейин наристе төрөлөт

Кыргызстанда жылына 135 миңден 160миңге чейин бала төрөлөт. Бул тууралуу  маалымат жыйынында Акушер-гинекологдор жана неонатологдор ассоциациясынын президенти Арсен аскеров билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 12%ы салмагына жетпей жана аз салмакта төрөлөт.

Аскеров белгилегендей, өлкөдө эенелердин өлүмү жылына 100 аялга жетсе, азыр төрөт учурунда жана кош бойлуу кезде өлгөн аялдардын саны 50дөн ашпайт.

“Энелердин өлүмүнө негизинен аялдардын өнөкөт оорулары себеп болгон. Ошондой эле өлүмдүн тондун ооруусу, төрөттөн кийинки кан кетүү жана башкалар сыяктуу акушердик себептери дагы бар”, — деди ал.

Анын айтымында, төрөт боюнча программалардын жана технологиялардын жакшырышы менен өлкөдө ымыркайлардын өлүмү да бир топ азайды.

«Ымыркайлардын өлүмүнүн себептери – аз салмак, кош бойлуу кездеги инфекциялар», — деди Аскеров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкекте 160 миң жоогазын отургузулду

Ордо калаада жоогазын гүлдөрүн отургузуу иштери башталып, «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы 160 миң гүл тикти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

«Жазында шаардыктар жоогазын гүлдөрүн Жаштык аллеясынан, Эмен паркынан, Пушкин көчөсүндөгү Курманжан датка эстелигинин жанынан, Абдылас Малдыбаев атындагы театрдын алдынан, Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Жомок» скверинен көрө алышат», — деп айтылат маалыматта.
Мэрия былтыр жазында борбордо 140 миң жоогазын гүлдөгөнүн эске салды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

160 миң сомдук чыгым. Араванда дүкѳндѳн телефондорду уурдаган коңшу өлкөнүн жараны кармалды

2022-жылдын 4-мартында Араван райондук ички иштер бѳлүмүнүн кылмыш иликтөө бѳлүмчѳсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгѳн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында эки жыл мурда ири ѳлчѳмдѳ уурулукка шектүү катары чет ѳлкѳлүк жаранды кармашты.

2020-жылдын 9-январынан 10-январына караган түнү Араван районунун  тургуну К.М. аттуу жаранга таандык үй-тиричилик дүкѳнүнѳ белгисиз адам мыйзамсыз жашыруун түрдѳ терезесин сындырып кирип,  анын ичинен ар биринин баасы жыйырма миң сом болгон таңгактарга салынган 8 даана жаңы уюлдук телефондорун уурдап,  окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткендиги боюнча арыз менен кайрылган.

Ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында, 2022-жылдын 4-мартында бул кылмышка шектүү катары Ѳзбекстан Республикасынын  жараны Анжиян облусунун жашоочусу  19 жаштагы Г.А. аттуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бѳл., 4-п каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулуп  Араван райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып 15 күнгѳ  камакка алынды.

Азыркы учурда арыз ээсине келтирилген 160 миң сомдук чыгымдын ордун толтуруу боюнча тергѳѳ амалдары жүрүп жатат.

Ош ОИИБдин Басма сѳз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Маданият

Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Республикалык айтыш өткөрүлөт. Байге фонду 1 000 000 сом.

27-28-мартта «Айтыш» фондунун 20 жылдыгына карата  Республикалык айтыш өткөрүлөт. Бул тууралуу акын, журналист Мирлан Самыйкожо Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Айтыш Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналат.  Байге фонду 1 000 000 сом.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Коронавирусдан 160 миңдей адам айыгып чыкты,-Каратаев

Азыркы учурда, лаборатордук турдө тастыкталган коронавирус инфекциясынын азайгандыгы байкалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, репродуктивдик сан деген бар. Бул бир адамдын канча адамга жуктурган санын көрсөтөт. Июль айындагы көрсөткүчтөрдү карап көрсөк, ооруп жаткан адам башка адамды 0,5%га гана жуктуруу мүмкүнчүлүгү бар экени белгиленди. Оорулуунун абалы боюнча бөлүштүрүү: 13177 адам же оорулуулардын 36,3 %ы — симптомдору билинбей ооруган адамдар. Ал эми, жеңил түру менен 10781 – 29,7% адам ооруган.

«Бүгүнкү күнгө катталган учурлардын саны 41069 адамды түздү. Эл арасында, бул чыныгы статистикага туура келбейт деген маалыматтар бар. Эгерде биз, расмий маалматтан сытркары, медициналык мекемеге кайрылбаган симптомдору билинбеген же жеңил түрү менен ооруган адамдарды ала турган болсок болжол менен 160 миң адамдын тегеригенде оорулуулар айыгып чыкты десек болот”, — деп Мадамин Каратаев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Москвадан Ошко 160 кыргызстандык жаран келди

Москва шаарынан Ошко 160 кыргызстандык жаран кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, алар 12-августта «Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясынын Москва—Ош багыты боюнча келишти. 

Каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button