Коом
Асман эко-шаарынын курулушуна капсула салуу аземинде милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыздоодо
Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусунда Асман эко-шаарынын курулушуна капсула салуу аземинде милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыздоодо. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги астында иш-чарада коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого жалпысынан миңден ашык милиция кызматкерлери тартылды.
Ошондой эле Бишкек шаарынан Ысык-Көлгө чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча 200 кызматкер тартылып, алар атайын посттордо иш алып барууда.
Асман эко-шаардын курулушунун максаты заманбап экологиялык таза шаар куруу, туризмди өнүктүрүү болуп саналат.