Коом

Кыргызстанда автоунаа газы кымбаттайт

1-июлдан тарта суюлтулган көмүр суутек газдын тоннасына 3000 сомдук акциздик салык салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Кеп автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүр суутек газы тууралуу болуп жатат.

«Көрсөтүлгөн күндөн баштап суюлтулган көмүр суутек газын өндүрүүдө жана импорттоодо салык мыйзамдарынын ушул ченеми эске алынышы керек», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов буга чейин акциз салыгы алынбай келгенин белгиледи. Анын айтымында, эми автогаздын литри 1,7-1,8 сомго кымбаттайт.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button