Кыргызстан боюнча 1,2 миңден ашык жаңы өндүрүш объекттери ачылды
2023-жылы мамлекет менен келишим түзгөн 9 миң 930 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн дээрлик 13%ы чакан өндүрүш ачкан. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.
Ведомствонун маалыматына таянсак, үй-бүлөлөр мамлекеттен алган 100 миң сомго төмөндөгү өндүрүш ишканалары ачылды:
• 1 183 — тигүү цехтери, ошондой эле курак техникасын, түрдүү саймаларды, анын ичинде кыз-келиндерге септи колдонуу менен буюмдарды чыгарган чыгармачылык цехтер;
• темир-бетон буюмдарын, пескоблокторду, кирпичтерди жана башкаларды чыгаруу боюнча 17 цех.
• 32 жыгач устачылык цехи, эмерек жана пластик терезелерди чыгаруучу цех,
• 13 самын жасоочу цех,
• 2 кичи тегирмен,
• 12 үй-бүлө биожер семирткич жасайт,
• 30 үй-бүлө кургатылган жемиш, курут, балмуздак жасашат.