Улуттук банк Башкармасы эсептик ченди 13% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришкен.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын алты айында өлкөнүн экономикасы 3,9%га өскөн. Мында көбүрөөк салым кызмат көрсөтүү сектору тарабынан камсыз кылынган.
“Дүйнөлүк азык-түлүк базарындагы баалардын төмөндөшү өлкө ичиндеги бааларга да таасирин тийгизген. Быйыл июль айында (21-июлга карата) инфляция жылдык мааниде 10,3%ды түзгөн, мында анын түзүмүндө азык-түлүк товарларына баанын өсүшү 2022-жылдын декабрындагы 15,8% деңгээлинен жылдык мааниде 6,9%га чейин төмөндөгөн”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, өлкөдө жалпы баа деңгээлинин кыйла жай төмөндөшүн бир катар административдик баалардын (тарифтердин) жогорулашы жана ички суроо-талаптын туруктуу кеңейиши шарттаган.
Булак: Акчабар