Спорт

Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча курамасы Азия чемпионатында 19 медаль жеңди

Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча курама командасы Азия чемпионатында 19 медаль (3 алтын, 2 күмүш, 14 коло) жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 4-12-август күндөрү Монголиянын Баян-Өлгей шаарында өттү.

Белгилей кетсек, мелдешке 10 мамлекеттин (Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Бангладеш, Кытай, Филиппин, Орусия Федерациясынын Алтай жана Саха Республикалары, Өзбекстан, Түркия, Туркмөнстан) 200гө жакын спортчусу катышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1-орун:

— Бактыбекова Айзада — (блиц чоӊдор курама жаат мүчөсү);

— Сейдахматов Баимбет — (классика 19 жаштар Бишкек шаары);

— Садырова Нургыз — (классика 14 жаш Ысык-Көл облусу).

2-орун

— Сазаев Кубан — (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);

— Закирова Айжан — (блиц 14 жаш Ош облусу).

3-орун

— Жамакеев Анарбек — (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);

— Шамбетова Алтынай — (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);

— Жамансартова Азиза — (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);

— Сагыналиева Гүлайым — (классика 19 жаш Бишкек шаары);

— Султашев Нурэл — (классика 14 жаш Ысык-Көл облусу);

— Рахманов Динислам — (классика 14 жаш Ош шаары);

— Жамакеев Анарбек – (блиц чоӊдор курама жаат мүчөсү);

— Сыргак уулу Сырттан (блиц чоӊдор курама жаат мүчөсү);

— Асейева Адина (блиц чоӊдор курама жаат мүчөсү);

— Кудайбердиев Марсел (19 жаш Бишкек шаары);

— Султашов Ислам (блиц 19 жаш Ысык-Көл);

— Асанкулова Эркежан (блиц 19 жаш Бишкек шаары);

— Сманова Аэлита (блиц 19 жаш Чүй облусу);

— Жеӊишбеков Алмазбек (14 жаш Ош шаары).

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button