Кеңеш

Адис 45 жаштан өткөндөргө өзгөчө пайдалуу жашылчаны атады

Кабакча (кабачок) өзүнө көптөгөн пайдалуу азыктарды камтыйт. Диетолог Маргарита Королева Sputnik радиосуна курган маегинде аталган жашылчадагы пайдалуу заттардын баарын алуу үчүн аны туура колдонуу жолдорун айтып берди.
«Кабакча — бардык курактагы адамдар жесе боло турган, аллергия кылбай турган азык. Анда калий, натрий, кальций, магний жана башка минералдык азыктар көп. Мындан тышкары, антиоксиданттар, В жана С витаминдери, кан тамырларга күч берүүчү биофлавоноиддер да жетиштүү. Кабакчаны бадыраң сыяктуу чийки да жесе болот, мындайда организмге пайдасы көбүрөөк болот», — деди Королева.
Диетолог жаш кабакчаны тандоону сунуштады. Себеби өтө бышып кете элек бул жашылча тамак сиңирүү системасын жакшыртып, иммунитетти күчтөнтөт. Ошондой эле организмди ашыкча шлак, токсиндерден тазалайт.
«Кабакча өзгөчө 45 жаштан өткөндөр үчүн пайдалуу. Бул куракта организмде картаюу процесси башталат, адамдын көрүүсү начарлайт. Кабачокто лютеин жана зеаксантин болгондуктан картаюуну жайлатат. Мындан тышкары, аталган жашылчада калий көп болгондуктан организмдеги ашыкча суюктуктардын чыгышын шарттайт, андыктан көп шишиген адамдарга да сунушталат», — деген диетолог.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button