Экономика
Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматына дээрлик 600 млн сом бөлүндү
Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматына 2023-жылга такталган бюджет 749 млн сом суммасында каралган. Анын ичинен бюджеттик каражаттар 743,6 млн сомду түзөт.
Финансы министрлиги билдиргендей, анын ичинде:
- эпизоотияга каршы иш-чараларга – 86,9 млн сом;
- ветеринардык диагностикага – 205,6 млн сом;
- жаныбарларды идентификациялоого – 30 млн сом.
2023-жылдын 31-августуна карата каралган каражаттын эсебинен 599,1 млн сом каржыланды. Жыл ичинде эмгек акы жана соцфонд беренелери боюнча кошумча 137 млн сом каралган.