Саясат

Садыр Жапаров Бишкектеги музыкалык билим берүү мекемелеринин ишмердигин күтүүсүз текшерди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарынын музыкалык билим берүү мекемелеринин ишмердигин күтүүсүз барып текшерди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Возможно, это изображение 3 человека

Возможно, это изображение 5 человек, люди учатся и стол

Анын айтуусуна караганда, мамлекет башчысы М. Абдраев атындагы республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатына жана М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайына барды.

Возможно, это изображение 3 человека, люди учатся, гобой и кларнет

Мамлекет башчысы окуу корпустарын карап чыгып, балдардын окуу шарттары жана процесси менен таанышты.

«Алсак, М. Абдраев атындагы мектеп-интернат совет мезгилинде курулуп, окуу корпустары оңдоп-түзөөгө муктаж, балдар жатаканасынын имараты болсо кейиштүү абалга келген.

М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайы 1939-жылы курулуп, 2015-жылы имараттын маңдайкы бөлүгү гана оңдолгон. Жетекчиликтин маалыматы боюнча, эч качан капиталдык реконструкциялоо жүргүзүлгөн эмес», — деди ал.

Султанбаев кошумчалагандай, күтүүсүз барып, текшерүүнүн жыйынтыгында президент Жапаров эки мектепте тең капиталдык оңдоо иштерин жасоону, билим алуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүүнү, ошондой эле эки мектептин аймагында балдар үчүн жатаканалардын жаңы имараттарын куруп баштоону тапшырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button