Коом

26-сентябрга карата аба ырайы

26-сентябрда, шейшембиде, күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Талас аймагында +17…+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +23…+28, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +15…+20 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +25…+27 градуска чейин көтөрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

26-августка карата аба ырайы

Ишембиде күндүз бийик тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30…+35, Таласта +29…+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көлдө +25…+30 жана Нарында +21…+26 градус болот.

Термометр бул күнү Бишкекте +33…+35, Чолпон-Атада +22…+24 жана Ош шаарында +34…+36 градусту көрсөтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкектин айрым көчөлөрүндө газ 26-июлдан 28ине чейин өчүрүлөт

Борбор калаанын бир бөлүгүндө 26-июлдан 28ине чейин газ өчүрүлөт. Бул туурасында “Бишкек газ” мекемеси билдирди.

Тагыраак айтканда, Дэн Сяопин, Киров, Кустанай жана Абакан көчөлөрүндө көгүлтүр от эки күнгө үзгүлтүккө учурайт. Бул күндөрү кышкы сезонго даярдык көрүү үчүн оңдоо иштери жүргүзүлөт.

“Бишкек газ” абоненттерин түзүлгөн кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, убактылуу энергиянын альтернативдүү булактарына өтүп турууга чакырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

26-июлга карата аба ырайы

Бүгүн Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Талас, Баткен, Жалал-Абадда жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы Талас аймагында +33…+38, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34…+39, Ысык-Көл чөлкөмүндө +29…+34 жана Нарын жергесинде +30…+35 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкек, Ош калааларында +37…+39, Чолпон-Ата шаарында +29…+31 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Төө-Ашуудагы тоннель 26-июлдан тарта күнүгө 10 сааттан жабылат. График

Төө-Ашуудагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу күн сайын 10 саатка чейин жабылат. Бул туурасында «Кыргыз автожол» ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-июлдан баштап 6-августка чейин бардык унаалар үчүн каттам чектелет.

Сосновка өткөрүү пункту тарабынан оор жүк ташуучу унааларга түнкү саат 03:00дөн 16:00гө чейин, жеңил унааларга саат 06:00дөн 16:00гө чейин чек коюлат.

Ал эми Бишкекти көздөй келе жаткандарга Суусамырдан (трассанын 144-чакырымы) жүк ташуучу унаалар саат 05:00дөн 16:00гө чейин, жеңил унаалар 06:00дөн 16:00гө чейин өткөрүлбөйт.

«Узундугу 2 чакырым 510 метрлик тоннель акыркы жолу 2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн. Учурда реконструкцияланып, жолуна асфальт төшөлүүдө. Буга чейин электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлор орнотулду. Ошондой эле актоо процесси жүрүп, бетон плиталары алмаштырылды. Азыркы тапта эски асфальтты сыйрып тазалоо иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.
«Кыргыз автожол» ишканасы убактылуу жаралган ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Чолпон-Атада 26-июлда кыргыз-азери бизнес-форуму өтөт

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи отурумунун алкагында кыргыз-азери бизнес-форуму 26-июлда Чолпон-Атада өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Бизнес-форум эки өлкө ортосундагы бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда мамилелерди орнотуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөйт.

Анда туризм, өнөр жай, айыл чарба, жеңил өнөр жай, саламаттыкты сактоо, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура жана курулуш (инжиниринг), маалыматтык технологиялар, логистика жана эл аралык ташуу, маркетинг жана консалтинг сыяктуу кызматташтык чөйрөлөрүндө сөз болот.

Форумга катталууга шилтеме: https://forms.gle/42G6WGQm6qRmoxBJ7

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,5 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 19-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 504 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1 миң 439 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 442 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

26-майга карата аба ырайы

Бүгүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +22…+27, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +24…+29, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмдөрүндө +13…18 градусту көрсөтөт.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +25…+27 жана Ош шаарында +27…+29 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Быйыл Ош облусунда 2,6 миң адам менен «социалдык келишим» түзүлдү

Ушул жылы Ош облусунда 2612 үй-бүлө менен мамлекет “социалдык келишим” түздү. Ал эми өткөн жылы 350 үй-бүлө менен түзүлгөн. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
Анын айтымында, учурда «Социалдык келишим» долбоорунун максаттуу жана натыйжалуу ишке ашуусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.
“Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Жантаевдын тапшырмасы менен мониторинг жүргүзүү иштерин Ноокат, Кара-Суу, Араван райондорунда жасап, ишкердикке багыт алган жарандарыбыздын аткарып жаткан жумуштары, келечек пландары жана көйгөйлүү маселелери менен таанышып, айрым келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү маселелерин карадык”, — деп жазган ал.
Ош облусунда “Социалдык келишим” долбоору аркылуу жөлөк пул алгандар мал, кой чарбачылыгы, кийим тигүү, соода-сатык, дыйканчылык, калкты тейлөө багытында чакан бизнес долбоорлорду ишке ашырууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

26-апрелге карата аба ырайы

Бүгүн, Баткен, Ош облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +19…+24, Талас жергесинде +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, ал эми Ысык-Көл чөлкөмүндө +15…+20, Нарын аймагында +14…+19 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +22…+24 жана Ош калаасында +26…+28 градуска жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

26-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

26-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күнү саат 9:00дөн 19:00гө чейин «Советский» суу топтомундагы оңдоо иштерине байланыштуу Сүйөркулов — Тыныстанов — Ахунбаев — Ала-Арча дарыясы — Медеров — Радищев — Л.Толстой — Жукеев-Пудовкин — Ахунбаев — Элебаев — Байтик-Баатыр көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстан жолдорду оңдоого 2,6 млрд. доллар алган

Соңку 18 жылда Кыргызстандагы жолдорду оңдоого жана жаңысын салууга чет элдик донорлордон 2,68 миллиард доллардан ашуун каражат алынган. Бул туурасында Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, акчанын 2,27 миллиарды кредит катары, 405,56 миллион доллары грант түрүндө алынган.
Негизги донорлор:

Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы берген 1,1 миллиард долларга тогуз долбоор ишке ашырылган. Анын ичинде Түндүк — Түштүк, Бишкек — Нарын — Торугарт, Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолдору бар. Ал эми 102,9 миллион долларлык грантка Бишкектин ички жолдору жана көчөлөрү оңдолууда;

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 642,6 миллион доллардан ашык бөлүнүп, анын 156,1 миллиону гранттык каражат болгон. Ага Бишкек — Ош, Бишкек — Нарын — Торугарт, Бишкек — Алматы, Түндүк — Түштүк жолдорунун айрым тилкелери калыбына келтирилген;

көрсөткөн жардам боюнча Япония үчүнчү орунда турат. Аталган мамлекеттен 316,9 миллион доллардан ашуун акча алынып, 76,69 миллиону грант түрүндө которулган. Бул каражат «Манас» аэропортунун жолун реконструкциялоо жана Бишкек — Ош жолун оңдоого жумшалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

26-январга карата аба ырайы

Бейшембиде күндүз Ысык-Көл аймагынын айрым жерлеринде кар жаайт. Башка облустарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө -1…+4, Талас өрөөнүндө -2..+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 0…+5, Ысык-Көлдө +1…+6, ал эми Нарында -6…-11 градус болот.
Термометр Бишкекте 0…+2, Ош калаасында +3…+5 градусту көрсөтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 26-январда келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 26-январда келет. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Алгач өзбек лидеринин өлкөгө өткөн жылдын 10-декабрында келери айтылган. Анын алкагында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес-форуму өткөрүлмөк.
Бирок мамлекеттик сапардын мөөнөтү жылып, Мирзиёев Кыргызстанга 2022-жылдын аягына чейин келери айтылган болчу. Сапарды жылдыруунун себеби айтылган эмес.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Абанын күндүзгү температурасы

Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 10-октябрда Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу аймагында кар жаашы мүмкүн. Башка облустарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +15…+20°

Талас облусунда +14…+19°

Баткен облусунда +20…+25°

Ош, Жалал-Абад облустарында +20…+25°

Ысык-Көл облусунда +12…+17°

Нарын облусунда +13…+18°

Бишкек шаарында +16…+18°

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд 963 млн куб метрди түздү

Бүгүн, 4-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 963 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 586 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 398 куб метрге жетүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

26-майда Бишкекте айрым көчөлөр жабылат

26-майда Бишкек шаарында өтө турган Евразия экономикалык форумуна байланыштуу төмөнкү көчөлөр жабылат. Бул тууралуу 

— Фучик менен Жибек жолунун кесилиши;

— Чүй проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан тартып Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

— Манас проспектисинин Чүй проспектисинен тартып «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү.

Жогоруда көрсөтүлгөн көчөлөрдөн сырткары жакын жайгашкан жолдор да жабылышы мүмкүн.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

26-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 26-апрелде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 17…22, Таласта 16…21, Ысык-Көл жана Нарында 15…20 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү абанын табы 22…27 градус ысык болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз 19…21 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкекте 26 жаңы жол чырак орнотулду. Даректер

Автоунаалардын, жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана эл көп жүргөн жерлерди түшүрүү үчүн 26 светофор объектиси орнотулган, анын 20сы транспорттук, 6сы жөө жүргүнчүлөр үчүн.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүнкү күндө 18 светофор курулуп, Кыргыз Республикасынын ИИМ СМЭУ ГУОБДД эксплуатациялоочу уюмунун балансына төмөндөгү даректер боюнча өткөрүлүп берилди.

  1. Элебесов жана Курманалиев көчөлөрүнүн кесилиши;
  2. Сүйүнбаев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши;
  3. Москва жана Тыныстанова көчөлөрүнүн кесилиши;
  4. Үмөталиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
  5. Бөкөнбаев-Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши No67 орто мектептин жанында;
  6. Профсоюзная жана Кайназаровая көчөлөрүнүн кесилиши;
  7. Токтогул жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилиши;
  8. Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши;
  9. Орозбеков жана Саадаев көчөлөрүнүн кесилиши;
  10. М.Алыбаев жана Жеткинчек көчөлөрүнүн кесилиши №78 орто мектептин жанында («Көлмө» темир жол бекети);
  11. Бакай-Ата жана Ак-Талаа көчөлөрүнүн кесилиши, №85 орто мектептин жанында (Бакай-Ата темир жол станциясы);
  12. Калыс-Ордо көчөлөрүнүн кесилиши 11-Калыс-Ордо-109, №86 мектептин жанында (Калыс-Ордо вокзалы);
  13. Тыныстанов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилиши;
  14. Оберон көчөсү, 10, №91 орто мектептин жанындагы жөө жүргүнчүлөр үчүн светофор («Кара-Жыгыч» темир жол бекети);
  15. ст. Гагарин 11, №25 орто мектеп (жөө жүргүнчүлөр)
  16. Улан 2 кичи районундагы 7-апрель көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр үчүн светофор;
  17. Көчөдөгү №17 орто мектептин жанындагы жөө жүргүнчүлөр үчүн светофор. Суеркулова, 4 м.;
  18. Мега-Сити турак жай комплексинин каршысындагы Юнусалиев көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр үчүн светофор.

“Сегиз светофор тесттик режимде. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн 27 үндүү светофор орнотулду, бул көрүүсү начар жана азиздерге жолдон качан өтүү коопсуз экенин түшүнүүгө жардам берет.

Тизме жарандардын кайрылууларынын, облустук акимчиликтердин сунуштарынын негизинде жана борбор калаанын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн корутундусун эске алуу менен түзүлдү.

Урматтуу жарандар! Коомдук транспорттун иштеши боюнча суроолоруңуз болсо, шаардык транспорт башкармалыгынын колл-борборуна: 0 (312) 53-36-48 телефону, WhatsApp: 0 (502) 205-202 телефонуна фото жана видео жөнөтүңүз”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Спорт

Акжол Махмудовдун трикосу 26 миң долларга сатылды

Ысык-Көлдө өткөн форумда спортчу Акжол Махмудовдун «Токио 2020» жайкы Олимпиада оюнунда кийген трикосу 26 миң долларга сатылды.

Бул сумманы форумга келген бизнесмендер чогултушту. Акжол Махмудов өзү 1 миң доллар кошуп, чогулган акчанын 60 пайызы Аруузатка, 30 пайызы кайрымдуулукка, ал эми 10 пайызы ак илбирсти коргоого жумшалат.

Форумдун коноктору 100 доллардан 5 миң долларга чейин каражат чогултушту.

Эске салсак, Токио шаарында өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов күмүш медалдын ээси болгон.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Камчаткада кулаган Ан-26 учагынан тогуз кишинин сөөгү табылды

Куткаруучулар Камчаткада Ан-26 учагынын кыйрашынын курмандыктарынын тогузунун сөөгүн табышты. Бул тууралуу ТАСС өзгөчө кырдаалдар кызматындагы булакка шилтеме берүү менен билдирет.

Өлгөндөрдү аныктоо үчүн генетикалык текшерүү талап кылынышы мүмкүн. Учурда издөө иштери улантылууда.

Буга чейин куткаруучулар Ан-26 учагынын кыйрашынан улам каза болгон алты адамдын сөөгүн табышканы маалымдалган. Камчатка аймагынын губернатору Владимир Солодовдун айтымында, куткаруучулар адамдардын сөөгүн суудан чыгара башташты. Ошол эле учурда, ал буга чейин канча адамдын сөөгү  табылганын  так айткан жок, анткени маалымат мүнөт сайын өзгөрүп турат. Камчатка аймагында үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Ан-26 экипажы байланышты 6-июлда эртең менен токтоткон. Петропавловск-Камчатскийден Палана айылына учуп бараткан учактын бортунда алты экипаж мүчөсү жана 22 жүргүнчү болгон. Учактын калдыктары аэропорттон 3,8 чакырым алыстыкта ​​табылган.

Кырсыкты иликтөө үчүн Мамлекеттер аралык авиация комитети комиссия түздү. Тергөө Камчаткада Ан-26 учагынын кыйрашынын бир нече версияларын карап жатат: жагымсыз аба ырайы, учактын техникалык бузуктугу, учкучтардын катасы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Изделип жаткан 26 жаштагы кыз Бишкектин четинен табылды

 Аламүдүн районунун Лебединовка айылында уурдалды делген 1995-жылы туулган Изят Курбанова табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй ОИИББдин жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери Изятты бүгүн, 7-майда кечки саат 16:30 чамасында Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринен табышты. Учурда Изят милиция бөлүмүндө, тергөө амалдарынан соң ата-энесине өткөрүлүп берилет.

Милиция кызматкерлери Изятты табуу үчүн видеокамераларды карап, Изят жана аны уурдады делген Абдумалик менен байланышы бар бардык адамдарды сурап, Бишкек жана Аламүдүн районундагы мейманкана, кароосуз калган имарат, талаа жана жайыттарды кыдырышкан.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2,6 миллион адамдын өмүрүн алган коронавирус. Пандемия жарыяланганына бир жыл болду

Туура бир жыл мурун  11- мартта, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун жайылышы пандемиянын деңгээлине жеткенин жарыялаган.

Андан үч ай мурун Кытайда жаңы вируска чалдыккандардын биринчи учурлары тууралуу кабарланган. Пандемия жарыяланганда көптөгөн өлкөлөрдө ишканалар, кеңселер, окуу жайлар жабылып, миллиарддаган адам катуу чектөө шартында жашап калган. Экономикалык ишмердик дээрлик токтоп, мамлекеттер ортосунда каттам үзгүлтүккө учураган.

Ошондо ДССУнун жетекчиси Тедрос Аданом Гебрейсус  “ооруп калгандар, илдеттен көз жумгандар көбөйөт деп күтүлүп жатканын” эскерткен.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда пандемия 2,6 миллион кишинин өмүрүн алды. Инфекцияны 118 миллион киши жугузуп алды. Бирок бул сандар иш жүзүндө алда канча жогору экени айтылып жүрөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Курсан Асанов 26-мартка чейин камакта калтырылды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттик шайлоодо талапкер болгон Курсан Асановдун баш коргоо чарасы бүгүн, 18-февралда Бишкек шаардык сотунда каралып, буга чейин Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Тактап айтканда, Асанов  26-мартка чейин камакта калтырылды.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен бойдон табылбай жатат

Өлкө боюнча сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен. Буга чейинки жүргүзүлгөн издөө иштери жыйынтык бере элек.

20-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 20 куткаруучу тартылды.

Мындан тышкары, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жаштагы бала чөгүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери натыйжа берген эмес.

20-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылды.

Бүгүн, 21-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бир сутка ичинде республика боюнча 26 өрт кырсыгы катталды

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 26 өрт кырсыгы катталды Аларды өчүрүүгө 30 өрт бөлүм жөнөтүлгөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 26-июнда билдирди.

Бишкектин Ак-Өргө конушундагы Арабаев көчөсүндө турак үйдүн ичинде электр зымдары күйдү. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себептер менен Октябрь районунун Рухий Мурас-2 конушунда жалпы аянты 1400 чарчы метр, Ленин районундагы Жамгерчинов менен Кең-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде 100 чарчы метр жана Төмөнкү Жал кичи районунун Ахунбаев көчөсүндө аянты 30 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

26-июнга карата аба ырайы

Эртең, 26-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Ал эми күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан жаап, күн күрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн +14…+19
күндүз +34…+35

Талас облусунда

түнкүсүн +12…+17
күндүз +28…+33

Баткен облусунда

түнкүсүн +15…+20
күндүз +30…+35

Ош жана Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +15…+20
күндүз +30…+35

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +8…+13
күндүз +20…+25

Нарын облусунда

түнкүсүн +6…+11
күндүз +18…+23

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18 градус, күндүз +33…+35 градус болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

«26 адам кечирим сураган, эч ким аларды мажбурлаган жок, — башкы прокурор

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө буга чейин кайрылуу жасаган адамдарды эч ким кечирим суроого мажбурлабаганы аныкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин бүгүн, 19-майдагы жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтымында, Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине интернетте жалган маалымат таратуу боюнча 95 факт катталды.

«95 адамдын ичинен 26 адам кечирим сурап, кайрылуу жасады. Текшерүүнүн жүрүшүндө аларды кечирим суроого эч ким мажбурлабаганы такталды», — деди башкы прокурор депутат Кенжебек Бокоевдин суроосуна жооп берип жатып.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Өткөн суткада коронавирустун 26 жаңы учуру катталды

2020-жылдын 3-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 26 учур катталды

Республикалык ыкчам штаб билдиргендей, алардын көбү борбор калаада.

Өткөн суткада катталган жаңы учурлар:

Бишкек ш. – 14
Ош облусу — 2
Чүй облусу – 9
Баткен облусу — 1

Республика боюнча: 795

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Караколдо 26 жумалык кош бойлуу келинде коронавирус табылды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кош бойлуу аялдан коронавирус табылды.

Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттө өткөн брифингде билдирди.

Ал буга чейин Индиядан дааваттан келгенден кийин коронавирус аныкталган жарандын келинчеги.

Үйдүн ээси буга чейин балдызы жана кичинекей кызына жуктурганы айтылган.

Үй-бүлө мүчөлөрү 30-мартта карантинге алынган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

ТИМ: 26-апрелде Дубайдагы мекендештерибизди алып келүү аракети көрүлүүдө

26-апрелде Дубайдагы кыргызстандык мигранттарды “Дубай — Бишкек” чартердик каттамы менен мекенге алып келүү пландалууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бул маселени Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмирликтеринин авиация тармагынын жетекчилиги менен чогуу чечүүдө.

“Тараптар БАЭден Кыргызстандын жарандарын алып келүү үчүн 3-5-майда дагы кошумча рейстерди уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүздү”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Анталия, Стамбул, Анкара, Новосибирск, Дубай жана башка шаарлардагы 4371 мигрант мекенине келе албай жатканы маалымдалган.

Ал эми учурда дүйнөнүн 45 өлкөсүндөгү 3800дөй кыргызстандык мекенине кайтууну көздөп жатат.

Мындан улам президент Сооронбай Жээнбеков мекендештерди өлкөгө алып келүү боюнча тийиштүү орган, мекемелерге тапшырма берген. Бүгүн, 17-апрелде, Бишкекке Стамбулдан 212 кыргызстандык учуп келе жатат

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button