Кыргызстанда бир жумада дээрлик 19 миң жол эрежесин бузуу катталды
25-сентябрдан 1-октябрга чейинки аралыкта өлкө аймагында 18 миң 998 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен:
— тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 222;
— мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 271;
— авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 42;
— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 844;
— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2717;
— авто ээнбаштык — 5;
— белгиленген ылдамдыктан ашуу — 5167;
— жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
— башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 9727;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1270 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.