Коом

Акылбек Жапаров: «Улуттук банкта 50 тоннадан ашуун алтыныбыз турат»

Министрлер кабинетинин төрагасыАкылбек Жапаров Кыргыз геология кызматынын 85 жылдыгында сөз сүйлөп, Улуттук банкта 50 тоннадан ашуун алтыныбыз турат — бул туруктуулук экенин айтты.

“Геологдордун бир нече муундарынын гиганттык эмгегинин натыйжасында Кыргызстандын аймагында 15 миңден ашуун пайдалуу кендер табылган жана анын 500дөй деталдуу изилдөөлөр жүргөн. Бүгүнкү күндө 345 кен мамлекеттик баланстын запасында турат. Ал эми Кумтөргө токтолсом, чындыгында Кумтөр экономиканын локомотиви, сыймыгы. Бийликтин ниети таза болгону үчүн азыр Улуттук банкта 50 тоннадан ашуун алтыныбыз турат – бул туруктуулук”, — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкекке газ кыймылдаткычтуу 50 автобус келе жатат. Алар 15-сентябрга чейин линияга чыгат

Бишкекке Кытайдын «Zhongtong bus Holding Co., LTD» заводунан газ кыймылдаткычтуу 50 даана жаңы жүргүнчү ташуучу автобустардын биринчи партиясы келе жатат.

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, жаңы автобустар 2023-жылдын 15-сентябрына чейин линияга чыгып, калкты тейлей баштайт.

Ошондой эле «Zhong Tong Bus» компаниясы менен макулдашылган график боюнча 450 даана жүргүнчү автобустарын жеткирүү 2023-жылдын аягына чейин күтүлүүдө, калган 500 даана 2024-жылдын 1-кварталында келет.

Ал ортодо Бишкекке келчү жаңы автобустар үчүн автопарктын курулушу кызуу жүрүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин 1000 даана жүргүнчү автобустарын газ кыймылдаткычы менен «Zhongtong bus Holding Co., LTD» LCK6105 моделиндеги менен жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган.

Бул долбоор министрлер кабинетинин жана Кыргыстандын президентинин Кытайга (КЭР) колдоосунда Бишкек шаарынын калкы үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жолу менен ишкананын кыймылдуу курамын жаңыртуу жана транспорт системасынын натыйжалуулугун жакшыртуу максатында Бишкек шаары үчүн «Zhong Tong Bus» компаниясында ишке ашырылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Маянасы 50 миң сом. Бишкек мэриясы троллейбус айдоочуларын кабыл алууда

Бишкек троллейбус башкармалыгы айдоочулардын жетишсиздигине байланыштуу «Т» категориясы бар айдоочуларды өз жамаатына чакырат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, ал эми жаңы баштагандар үчүн акысыз окуу жана стажировка бар, курсту аяктагандан кийин мэрия расмий ишке орношууга жана татыктуу эмгек акыга кепилдик берет.

«20-августтан тарта накталай эмес төлөмгө өткөн соң айдоочулардын айлык маянасы 50 миң сомду түзөт», — деп кошумчалашты мэриянын маалымат кызматынан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Ош облусунда апийим менен 50 жаштагы жаран кармалды

Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактысы аныкталды.
Тартип сакчыларына Кара-Суу районунун Фуркат айылында белгисиз жаран баӊги каражаттарын жанында алып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы жолдун боюнда Өзгөн районунун тургуну 50 жаштагы Г.Н. кармалган.


Шектүү кармалган учурда анын жанында болгон баштыктын ичинде таңгакталган өзгөчө жыты бар зат алынган.
Кармалган жаранга кароо жүргүзүлгөндө үстүндөгү кийип турган спорттук шымынын чөнтөгүнөн тамекинин фалигасына оролгон зат алынган. Алынган заттарга тергөө кызматы тарабынан соттук-химиялык экспертиза дайындалган.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар салмагы 0,78 граммды түзгөн “гашиш” жана 1 кг. 790,42 граммды түзгөн “апийим” баӊгизаттары экендиги аныкталган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн үйү тинтүүгө алынып, салмагы 22,5гр. болгон өзгөчө жыты бар баңгизатына окшогон зат алынды.
Учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде козголгон кылмыш ишине тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Базар-Коргон шаарында 50 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Базар-Коргон шаарында 50 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылыш аземине президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбек уулу, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Танзилия Сатимова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар катышты.

Облус башчысы аймактагы тургундардын муктаждыктарын эске алуу, наристелердин бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүн жаратуу үчүн акыркы жылдары мектепке чейинки билим берүү мекемелерин куруу аракеттери колго алынганын билдирди. Бул багытта облустук өнүктүрүү фондунун салымы чоң экенин кошумчалады.

Бакчанын курулушуна жалпы 14 млн 994 миң 712 сом акча каражаты сарпталган. Ага облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 14 млн 994 миң 712 миң сом акча каражаты жумшалган. Жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 3 млн 98 миң сом каражат ажыратылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Түркияга Кыргызстандан 50 куткаруучудан турган экинчи топ жөнөп кетти

Бүгүн, 12февралда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн каруучуларды узатуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

“Манас” аэропортунда куткаруучуларды жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурулуп, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

Куткаруучуларды узатып жаткан өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин айтымында, табигый кырсыктан жабыркаган боордош түрк элине колдоо көрсөтүү үчүн биринчи атайын учак менен 50 куткаруучу, 6 дарыгер, боз үй тигүүчүлөр, 75 боз үй жөнөтүлдү.

Ал эми калган куткаруучулардан турган атайын топ, боз үйлөр, дарылоого тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар келе жаткан жуманын шейшемби күнү жеткирилмекчи.

Белгилей кетсек, ӨКМ Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жана Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бакыт Төрөбаев: Үстүбүздөгү жылы 50гө жакын чакан ГЭС куруу зарыл

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө министрликтин, министрликке караштуу администрациялык ведомстволордун жана отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын 2022-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жана 2023-жылга карата иш пландары жөнүндө баяндамалар угулуп, талкууланды.

Бакыт Төрөбаев тиешелүү жетекчилерге энергетикалык компанияларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылууну, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча күбөлүк алган компаниялар эгерде узак мөөнөткө чейин иш баштабаса, министрликке алардын маселесин кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, үстүбүздөгү жылы 50гө жакын чакан ГЭСтерди куруу зарыл экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, 2023-жылга коюлган ар бир иш план өз убагында аткарылуусу керектигин баса белгилеп, энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду кыска убакыттын ичинде ишке ашырууну тапшырды.

Маалымат үчүн: 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн 2023-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычынын көлөмүн 8,6 млрд м³ суу менен камсыздоо пландалууда. Ошондой эле, быйыл 2,2 млрд кВтс чейин электр энергиясын импорттоо каралган.

Ал эми, жалпы республика боюнча көмүрдүн керектөөсү – 2 996,6 миң тонна, күйүүчү мазуттуку– 48,5 миң тонна.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ошто Өзбекстандан алып келинген 50 жаңы автобус каттамга чыкты

Бүгүнтөн баштап Ош шаарында Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу алынган 50 жаңы автобус каттамга чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бардык автобустар төрт автобустук маршрут боюнча бөлүштүрүлдү.

Жаңы автобус каттамдары:

№10 автобус линиясы — “Амир-Тимур” МАБдан (Он-Адыр кичи району) шаардык төрөт үйүнө чейин каттайт;

№9 автобус линиясы — “Туран” МАБдан (Южный кичи району) Ак-Тилек кичи району аркылуу борбордук базарга чейин каттайт;

№53 автобус линиясы — Жапалак айыл аймагына караштуу Мээркан айылынан борбордук базарга чейин;

№6 автобус линиясы — Жапалак айыл аймагына караштуу Соколок айылынан Юго-Восток кичи районуна чейин (Курманжан-Датка МАБ).

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Без рубрики

Ош шаарына 50 жаңы автобус келди. Эки күндүн ичинде линияга чыгарылат

Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы сатып алып келинген 50 автобусту расмий тапшыруу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, “Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев, “СамАвто” автозаводунун Орто Азия өлкөлөрүнө экспорттоо тобунун башчысы Азиз Нишанбаев, автобустардын айдоочулары жана тургундар катышты.

Мэр өз сөзүндө Ош шаарындагы коомдук траснпорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү багытында мэрия натыйжалуу иштерди жүргүзүүнү уланта турганын белгиледи.

“Шаардагы коомдук транспорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча Ош шаарынын мэриясы ички жана сырткы инвесторлор менен ыңгайлуу шарттардагы долбоорлорду ишке ашыруу жаатында тиешелүү жумуштарды такай жүргүзүп келет. “Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фонду менен алып барылган жумуштардын натыйжасында шаарыбызга Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарындагы “СамАвто” автозаводунун өндүрүшүндөгү ISUZU SAZ HC40 үлгүсүндөгү 50 бирдик автобус сатып алынып келинди.

Бул автобустар күйүүчү майды аз сарптагандыгы, техникалык мүнөздөмөсүнүн жөнөкөйлүгү жана баасы дагы жөндүү болгондугунан улам, биздин шаарыбыз үчүн ыңгайлуу болууда. Жаңы алынып келинген автобустар шаардыктардын суроо талаптарын эске алуу менен, эң керектүү болуп жаткан аймактарга, атайын комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгынын негизинде 4 муниципалдык каттамдарга бөлүштүрүлдү”, — деди калаа башчы.

Белгилей кетсек, автобустардын баасы 37 миң доллардан бааланган. Автобустардын ар бири 38 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Эки күн ичинде бул автобустар линияга чыгарылат. Ал үчүн шаардын төмөнкү аймактарына 4 жаңы шаардык маршруттук линиялар иштелип чыкты: Жапалак айыл аймагы, Туран жана Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыктары.

Жаңы коомдук транспортторго да “BUS Service” мобилдик тиркемеси орнотулуп, жүргүнчүлөр жол жүрүүсүн алдын ала пландоосуна шарт түзүлдү. Автобустардын жол акысы накталай төлөм учурунда 10 сом, накталай эмес электрондук төлөм жүргүзсө 8 сом деп белгиленген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Чаткалда 50 үй-бүлө чакан бизнес баштады

Чаткалда 50 үй-бүлө чакан бизнес баштады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, министрдин орун басары Жылдыз Полотова Чаткал районунда аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө мал чарбачылык, тигүүчүлүк жана кондитердик азыктарын бышыруу боюнча бизнес долбоорлорун ишке ашырууга 100 миң сом өлчөмүндөгү сертификаттарды тапшырды.

«Социалдык контракттын негизинде республикалык бюджеттен көрсөтүлүп жаткан бул социалдык жардамдын негизги максаттары — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоонун жагымдуу шарттарын түзүүгө жaна аларды турмуштyк оор кырдаалдан чыгyу боюнча активдүү аракеттерге шыктандырууга, алардын эмгектик, мүлктүк потенциалынын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өз алдынча иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды жана кошумча жумуш орундарды түзүү» — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле Жылдыз Полотова алыскы райондордо мындай долборлордун ишке ашырылышынын өзгөчө маанилүү экендигин белгилеп кетти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Дүйнөдө 50 миллион адам кулчулукта — Эл аралык эмгек уюмунун отчету

Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык эмгек уюму учурдагы кулчулук боюнча баяндамасын жарыялады. Окумуштуулардын маалыматы боюнча, азыр дүйнөдө дээрлик 28 миллион адам кулчулукта иштешет, дагы 22 миллиону мажбурлап никеге туруу. Бул жер шарынын ар бир 150-тургуну. ЭЭУ бул 2017-жылы жарыяланган мурдагы отчетко караганда 10 миллионго көп экенин баса белгиледи.

Эл аралык эмгек уюму Миграция боюнча эл аралык уюм жана адам сатууга каршы күрөшкөн Walk Free укук коргоо уюму менен биргеликте даярдаган отчетто кулчулукка жана мажбурлап никеге туруу дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүнөн башка дээрлик бардык өлкөлөрдө кездешери айтылат. Кул эмгегинин 52% орто жана жогорку орто кирешелүү өлкөлөрдө туура келет.

Учурдагы кулдардын көбү заводдордо, курулуштарда жана айыл чарбасында иштешет, ошондой эле мыйзамсыз үй жумушчулары же сексуалдык эксплуатацияга дуушар болушат.

Ошондой эле, кулдардын арасында 3,3 миллион бала бар жана алардын жарымына жакыны сексуалдык кызматка мажбурланган.

22 миллионго жакын адам өз эркине каршы турмушка чыккан, алардын үчтөн экиси аялдар жана кыздар. Мажбурлап нике кыйгандардын үй-бүлөлүк зомбулук, сексуалдык эксплуатация жана мажбурлап акы төлөнбөгөн жумушка кабылуу коркунучу жогору.

ЭЭУда акыркы 5 жылда кулчулукка кабылган учурлардын санынын өсүшү жакырчылыктын өсүшүнө алып келген COVID-19 пандемиясынан, климаттын өзгөрүшүнө жана энергетикалык кризистен улам дүйнөдө экономикалык абалдын начарлашы менен байланыштуу. Калктын жакырлануусу адамдарды шектүү жумуш сунуштарын кабыл алууга, мыйзамсыз мигрант болууга, үй-бүлөсүн багуу же карыздарын жабуу үчүн жаш үй-бүлө мүчөлөрүн каалоосуна каршы никеге «сатууга» мажбур кылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Камчыбек Ташиев: «Өлкө боюнча УКМКнын 50дөй жаңы имараты курулду»

Өлкө боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 50дөй жаңы имараты курулду. Бул тууралуу кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев «Регион» телеканалына курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, имараттан сырткары 150дөй унаа, 100 атайын техника жана жаңы жабдуулар алынып, ишке берилген.

«Буга чейин биздин кызматкерлер кимдир бирөөнүн үйүндө жашап, башка мекемеде жана китепканаларда иштеп келе жатышкан. УКМКнын бир дагы имараты курулган эмес. Өткөн жылдан бери биз муну колго алып, өлкө боюнча 50гө жакын имарат курулду», — дейт Ташиев.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын сентябрынан тарта Кыргызстандын аймактарында УКМКнын бөлүмдөрүнүн жаңы имараттары курулуп колдонууга бериле баштаган. Учурда кызматкерлер үчүн Бишкекте жана Талас облусунда үй салынууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Без рубрики

Бишкектеги Ата-Түрк паркына 50 жаңы чырак орнотулду

Бишкектеги Ата-Түрк паркына 50 жаңы чырак орнотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызаткерлери тарабынан 1080 метр узундуктагы траншея казылып, 50 даана бетон негизи, лампалар жана темир таянычтар орнотулду.

«Натыйжада, парктын аллеясында азыр 40 чырак жанып турат, ал эми афган жоокерлер эстелигинин жанына 10 чырак орнотулду», — деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Жыл сайын 50 миллион сом компенсация. Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кенине  байланыштуу билдирүү жазды.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров ушул жылдын июнь айында Солтон-Сары алтын кенине барып, ал жерди өз көзү менен көрүп, абал менен жакындан таанышып келген.

«Президент Жапаров ушул жылдын июнь айында Солтон-Сары алтын кенине барып, ал жерди өз көзү менен көрүп, абал менен жакындан таанышып келген. Жергиликтүү эл менен жолуккан. Элдин: «Жол салып атышат, жаратылышыбыз талкаланат», — деген үнүн уккан.
Бирок өзүңүздөр билгендей, жолдор эчак эле салынып бүтүп, фабрика салуу иштери жарымдап калган. Жер кыртышын бузуу боюнча башка иштер болбой турганы аныкталган. Ошондуктан, мындан ары башка жерден жер кыртышын бузбасатан, Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди. Ошол эле маалда компания тараптан жергиликтүү жашоочулар үчүн, азырынча, жыл сайын 50 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнө турган болду. Алтын чыга баштаганда бул сумма эселеп көбөйтүлөт деп макулдашылды. Андан тышкары, мамлекеттин үлүшү дагы киргизилмей болду. Кенди иштетүүдө цианид колдонулбайт. Алтын Кара-Балтада аффинаждалат», — деген ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстандык 50 студент Башкортостанга акысыз окууга барат

Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов Башкортостан республикасына окууга жөнөп жаткан студенттер менен жолугушту.

Министрдин орун басары билимдүү жаштар мамлекеттин келечеги экенин, сабаттуу коом гана өлкөнү күчтүү кыла аларын белгилеп, студенттердин алдыдагы окууларына ийгилик каалады.

Кыргызстандын ар кайсы аймагынан 50 студент М.Акмулла атындагы Башкир мамлекеттик педагогикалык университетине окууга өткөн. Алар педагогика жана психология жаатында билим алышат.

Аталган окуу жай студенттерге акысыз билим берип, ай сайын стипендия төлөп берет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ачка болгон жолбун иттер 50 койду жеп кетти

Батыш-Казакстан облусунда ачка болгон жолбун иттер 50 койду жеп кеткенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Окуя 26-апрелге караган түнү Сырым районунун Жымпиты айылында болгон. Үй-бүлө башчысы Батырбек Жубангалиевдин айтымында, кол салуудан 50гө жакын кой өлгөн.

«Эртең менен койлорду короодон чыгарайын деп көчөгө чыккам. Барсам кан болгон койлорду көрдүм. Иттер тиштеп сүйрөптүр. Чоочуп кеттим. Чоң койлор да, козулар да өлүп калды», — дейт Батырбек Жубангалиев.

Жубангалиевтин фермасында бардыгы 100гө жакын коюу болсо, жартысы гана аман калды. Анын айтымында, бул жолбун иттердин анын малына кол салган биринчи учур эмес. Үстүбүздөгү жылдын 8-мартында да анын фермасында жолбун иттер 12 койду жеп кетишкен. Ал эми тоокторго, дээрлик күн сайын  кол салат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Эл үнү

Инаят Ниматова: Буларды көргөндө айтарга сөз таппай калдым

Адатта, сөз таппай калган учурум деле болбойт. Кечээ болду деп жазат  социалдык тармактагы баракчасына жеке ишкер, коомдук активист Инаят Ниматова.

Нет описания фото.

Анын айтымында, 83 жаштагы апа буту баспаган 50 жаштагы баласын жалгыз карайт. Учурда баардык шарты менен жылуу суусу менен жаңы үй салынууда, болгону 50 жаштагы Муратка кровать менен электроколяска керек болууда.

“Садака баардык балээден сактайт!!!

«Миң уккандан, бир көргөн» дегендей, бул эне бала жөнүндө бир тууган агамдан угуп эле жүргөнбүз.

Агам « Жашоо шарттары өтө оор, 83 жаштагы апасы, буту баспаган 50 жаштагы баласын жалгыз карап отурат. Апасы өзү да ооруйт. Тамак ашын биз карап жатабыз , жашап жаткан үйү өтө начар, жаңы үй салып берели» дегенинен, макул деп, акча жөнөтүп атканбыз. Кечээ барып көрдүм.

Эки жылдан бери “Нурлуу кайрымдуу кыздар жамааты” менен тагдырдын сыноосуна баш ийип, оор шартта жашап жаткан көп эле мекендештерибизди көрүп, эмоциябызды контролдогонду үйрөнүп калганбыз, бул жолу  андай болбоду…

Айтайын дегеним

Урматтуу кыргыз элим, Мурат бир тууганыбыз менен апасына ичиндеги баардык шарты менен жылуу суусу менен жаңы үй салып бердик, жакында бүтөт буюрса.

Ырыскы берген Аллахыма шугур!!!

Араңыздарда ушул эне балага жардам берет элек деген азаматтар бар экенине ишенем!

Эненин түйшүгүн жеңилдетип төмөнкү сүрөттөгүдой кровать менен электроколяска болсо соонун болот эле.

Мурат бир тууганыбыздын колдору, жөнөкөй колясканы башкара албайт…

Алдын ала чоң рахмат!!!

Кармаган орозонуздар, ибадаттарыңыздар, тилек- дуаңыздар кабыл болсун!!!

Баарыңыздарга бекем ден соолук каалаймын!!!

Сыйлаймын, урматтаймын

Бар болуңуздар!”, — деген ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкекте баштапкы капиталы $50 млн түзгөн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду салтанаттуу ачылды

Бүгүн, 14-апрелде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын вице-премьер-министри – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковдун катышуусунда баштапкы капиталы 50 млн долларды түзгөн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы өтүп жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров өз сөзүндө бүгунку иш-чара достуктун, ынак коңшулуктун жана стратегиялык өнөктөштүк духунда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн айкын мисалы экенин белгиледи.

«Өзбекстан Кыргызстандын соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Бирок бүгүнкү күндө кызматаштык мүмкүнчүлүк толугу менен ачылган эмес», — деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 11-12-мартында Өзбекстанга жасаган расмий сапарынын алкагында эки өлкө башчыларынын ортосунда кол коюлган келишимдин алкагында бүгүнкү күндө аймактык экономикалык интеграция активдүү өнүгүп жатканын белгиледи.

«Ошол эле учурда биз жергиликтүү рынок менен чектелбестен, тескерисинче, дүйнөлүк суроо-талаптын алкагында экономикалык потенциалыбызды ишке ашырууга умтулуп жатабыз», — деди ал.

Эске салсак, фондду түзүү боюнча документке тараптардын мамлекеттеринин чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы соода-инвестициялык жана каржылык мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө эки тараптын кызыкчылыгынын негизинде кол коюлган.

Фонд Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында түзүлгөн.

Ошентип, фонддун милдеттери, функциялары, түзүмү жана иштөө тартиби, ошондой эле анын башкаруу органдарынын компетенциялары жана ыйгарым укуктары устав менен аныкталат.

Фонддун башкы кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан, өз кезегинде фондду башкарууну Фонддун кеңеши жана башкармалыгы ишке ашырат.

Фонд КРнын аймагында долбоорлорду ишке ашыруу максатында эл аралык уюмдар, корпорациялар жана өнүктүрүү институттары менен өз ара аракеттенет, ошондой эле фонд тарабынан колдоого алынган долбоорлорго техникалык жардам көрсөтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Суу кризиси: Кыргызстан 50 сезондук суу сактагыч курууну пландаштырууда

 Жакынкы 10-15 жылда Кыргызстанда 50  сезондук  (10 күндүк) сууну жөнгө салуучу бассейндерди (БДР) жана суу сактагычтарды куруу пландаштырылууда. Бул тууралуу 4-мартта өткөн пресс-турда КР Суу чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, «башкармалыктын алдында сууну үнөмдөө жана топтоо жана калктын ага болгон керектөөсүн канааттандыруу боюнча бир катар милдеттер турат. Бул үчүн дээрлик ар бир дарыяга суу топтоо үчүн бассейндер курулат».

«Биринчи милдет – фильтрацияны кыскартуу жана суу берүүнүн темпин жогорулатуу, экинчиси – аны талааларга керектүү өлчөмдө берүү.

Бүгүнкү күндө 1 млн га жердин 260 миң гектары гана суу сактагычтардан сугарылат, ошондуктан калган жерлерди камсыз кылуу үчүн жакынкы жылдарда сезондук суу бөлүштүрүүчү бассейндерди куруу зарыл», — деди бөлүм башчы.

Ал белгилегендей, быйыл Нарында жана Ысык-Көлгө үч БДР, ал эми Кытай грантынын эсебинен Чүй облусунда үчөө түзүлөт: Ак-Сууда (Москва району), Шамшыда (25 млн. куб) жана Ашмара (10 млн. куб.м) дарыялары./куб) — Панфилов району.

Он күндүк бассейндер аларга кышында суу топтоо, керек болгон учурда, башкача айтканда, сезондо айдоо аянттарын сугаруу учун керек. Ошондуктан алар сезондук (декада) деп аталат.

«Бул алты долбоорду ишке ашыруу үчүн каражаттар аныкталып, жакын арада алардын курулушу башталат.

Үч БДРдин, Чыгыш БЧКнын, Р-12, Түштүк БЧКнын, ошондой эле Чүй каналын айланып өтүүчү ГЭСтердин курулушуна Кытай тарабынан бекер берилген гранттын жалпы суммасы 907 миллион юань, же 13 миллиард сомду түзөт.

Аларды Кытайдан келген компания да реалицазиялайт. Бардык документтер даяр жана кытай тараптын текшерүүсүн жана бекитүүсүн күтүп жатат», — деди Сокеев.

Алардын бири (БДР) Москва районундагы Ак-Суу дарыясында жайгашат. Анын кубаттуулугу 4,8 миллион кубометрди түзөт. Ал облустун калкынын бардык муктаждыктарын камсыздайт.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бактияр Алиев: «Октябрда пенсияны 50 пайызга чейин көтөрөбүз деген маселе каралууда»

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастанбек Жумабеков пенсияны көтөрүү маселесин кароону сунуштады.

«Азыр бардыбызга белгилүү болгондой саясий экономикада саат сайын өзгөрүүлөр болуп жатат. Буга чейин пенсияны көтөрүлүшү боюнча маалымат бердиңиздер. Бирок чоң өзгөрүүлөр болуп кетти. Доллардын өсүшү, баалардын жогорулашы дагы күтүлүп жатат. Сиздердин ушуга жараша кризистик планыңыздар барбы?» — деп сурады эл өкүлү.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев: «Пенсияны көтөрүү боюнча 700 миллион сом каралган. Бүгүнкү шарттарга ылайыктуу өкмөттөн кошумча акча бөлүп беребиз деп каралып жатат. Октябрь айында пенсияны 50 пайызга чейин көтөрөбүз деген маселе каралып жатат», — деп жооп берди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Эр-Рияддагы жарманкеде 50гө жакын кыргызстандык фирмалар өз продукцияларын коюшту

Кечээ, 24-февралда Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарындагы Digital City аянтында 50гө жакын кыргызстандык фирмалар өз продукцияларын коюшканын Инвестициялар боюнча агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Жарманкеге КРнын айыл чарба продукциялары (бал, кургатылган жемиштер, ширелер, кыямдар жана бөтөлкөлөнгөн суу), кол өнөрчүлүк буюмдары (кийиз буюмдар) коюлуп, 35тен ашык ишканалар, ошондой эле 11 туристтик компания катышышкан.

Ата мекендик продукциялардын жарманкесинин ачылыш аземине Сауд Арабия Королдугунун Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдулрахман бин Абдулмохсен Аль-Фадли мырза, КРнын Инвестициялар агенттигинин жетекчиси Нурадил Баясов, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, КРнын Сауд Арабия Королдугундагы элчиси Улукбек Марипов катышышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бейшеналиев: Дарыгерлердин айлыгын 50 же 100 пайызга көтөрүү пландалууда

Дарыгерлердин айлыгын 1-апрелден тарта 50 же 100 пайызга көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, минималдуу 50%, мүмкүн болсо 100%га чейин көтөрүлөт.

“Учурда участкалык дарыгердин айлыгы 10 миң сомду түзөт. Бирок эмгек стажына үстөк акыларды кошкондо 15-20 миң сомго жакын акча алышат. Калган дарыгерлердин айлыгы 7,5 миң сомду түзөт жана башка төлөмдөр менен 13 миң сомдон 15 миң сомго чейин алышат”, — деди министр.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Камила Талиева: Лейлекте 50 айылды кыдырып, элдин көйгөйлөрүн уктум

 “Ата журт Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңешке  талапкер Камила Талиева  үгүт иштерин  кичи мекени Лейлек  районунан баштады. Бир айдын ичинде талапкер дээрлик 50 айылды аралап, элдин сунушун, пикирин укту, программасын айтып, максаттары менен тааныштырды.

Возможно, это изображение (один или несколько человек и текст)

Алардын арасында эл тарабынан эң эле көп атйылган көйгөй пенсия, пособие жана чек ара месалелери болду.

 

Өз кезегинде талапкер Камила Талиева шайлоочулардын суроолоруна жооп берип, чек ара маселеси делимитация жана деморкация иштеринен соң чечилерин, ал эми пенсия посибие боюнча ар бир айылда көйгөй бар экенин эске алып, жаңы мыйзам  долбоорун жазарын билдирди.

Возможно, это изображение (3 человека, ребенок, люди стоят и на открытом воздухе)

 

«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча, «Kadam-media.kg»  маалымат порталы тарабынан 2021-жылдын 26-ноябрында чыгарылды, нускасы  1 даана, дареги: Кыргыз Республикасы Бишкек шаары, Гоголь көч. 3-79. Партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Мухаммедкалый Абылгазиев 50 млн сом төлөп, үй камагына чыкты

УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Маалыматты УКМКдан тастыкташты.

«Ал 50 миллион сом төлөдү. Тергөө аяктаганга чейин үй камагында болмокчу», — дешти аталган комитеттен.

Абылгазиев 2021-жылдын 26-январында коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып, кармалган. УКМК анда Абылгазиев мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыккандыгын айткан эле. Андан сырткары, активдерин мыйзамдаштыруу үчүн Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл облустарында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү алып, курулушка инвестиция салган делген.

Биринчи май райондук соту 19-мартта баш коргоо чарасын карап, Абылгазиевди камакка калтыруу чечимин чыгарган.

Эскерте кетсек, Абылгазиев өкмөттү 2018–2020-жылдары башкарган.

Булак: Спутник кж

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Араб Эмираттарында 50 градус ысыкта жасалма жол менен жамгыр жаады

Шаршемби күнү Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) чөлдүү аймактарына нөшөрлөп жааган жамгыр токтобой жатат. Дем алышка чейин алар көбөйтүүнү убада кылышууда.

Эмираттарда  күндүзү 50 градус ысыкта жаан-чачын жаңы технологияларды сыноодон улам пайда болду, деп маалымдайт Марказ ал-Асифа.

«Жамгыр Хаджар тоо кыркаларындагы БАЭдеги Хатта айылынын түндүгүнө, Вади аль-Хилю, Калба жолу жана Хувайлат аймактарына жааган», — деп белгилейт портал.

Өз кезегинде Улуттук метеорология бюросу Абу-Дабинин борбордук  бөлүгү  Аль-Айн шаарына жакын жайгашкан 47 градуска  чейин ысык болуп турган, калктуу конуштарда  да  жаан жааганын  билдирди.

Ысык жана кургакчыл БАЭде бийлик жаан жаадырган  технологияларды жигердүү иштеп чыгууда: атап айтканда, ушул жылдын жаз айларында жаан-чачындын көбөйүшүнүн жаңы ыкмаларын сыноо башталды. Бул максатта Эмираттарда дрондор колдонула баштаган, алар химиялык кошулмаларды колдонбостон булуттагы электр разряддарын колдонуу менен жамгыр жаадыра алат. Бул сыноолорду Дубайдагы SANAD академиясы Британиянын Ридинг университетинин окумуштуулары менен биргеликте жүргүзүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Нарында 50 жаштагы киши келинин өлтүрүп, өз жанын кыйды

Нарында 50 жаштагы киши келинин өлтүрүп, өз жанын кыйды. Бул тууралуу  Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-июнь күнү саат 06:30 чамасында Ат-Башы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун Ат-Башы айылынын түштүк тарабындагы Дамбы участкасындагы токойдун жээгинде “Женя” аттуу адам бакка асынып каза болуп калганын билдирген.

«Окуя болгон жерге тергөө тобу барган учурда 50 жаштагы эркек адам жип менен асынып турган абалда табылган. Маркумдун денесинин сыртынан кароо жүргүзгөн учурда, анын моюнунда жиптин издери жана оң колунун манжалары курч нерсе менен кесилген жаракаттары бар экендиги аныкталган. Окуя болгон жерге маркум кишинин 49 жаштагы бир тууган иниси чакыртылган.

Ошондой эле ал 15-июндан тарта 38 жаштагы аялы дайынсыз болуп жаткандыгын кошумчалап, аны таап берүүнү суранып арыз жазган. Арыз Ат-Башы РИИБинин маалымат эсеп журналына катталып, издөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

Окуя болгон жерден алыс эмес, тактап айтканда батыш тарапты көздөй болжолдуу 500 метр аралыктагы жерден аял кишинин жансыз денеси табылган. Ал Ат-Башы районунун 1983-жылы туулган К.Н. аттуу дайынсыз болуп жаткан келин экендиги такталган. Маркумдун денесинин сыртынан кароо жүргүзгөн учурда, күч колдонулган белгилери аныкталган. Милиция кызматкерлеринин алдын ала болжолдуу иликтөөлөрүнө ылайык, келинди кайын агасы таш менен чаап, учтуу курч нерсе менен сайып өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган», — деп билдиришти Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан.

Учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр сурак берүүдө. Бул окуянын чоо-жайын териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Баткен. Рават жана Катраң айылдарында 50 орундуу жаңы бала бакчалар ачылды

Баткен районунун Рават айылында жана Лейлек районунун Катраң айылында 50 орундуу бала бакча салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилди.
Балдар бакчаларынын курулушу Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан Рават айылындагы бала бакча үчүн 14 млн сом каржыланып, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана жергиликтүү коомчулуктан 1 048 923,59 сом салым болгон.
КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Блогер блок

50гө жакындап калсам да аялзатын сүйүп, жандай албай келем…

Көптөн бери көксөөдө жашап келген сезимдерди терүүгө Фейсбукта бир селкинин жалпы эркектерге арнап жазган таарынычы себеп болду.

Бир жагынан ал айымды деле түшүнөм, бир мезгилдерде бир эмес бир канча ирет алданып калган үчүн, армандын азабын тарткан үчүн ичиндеги жигиттерге болгон кегин жазып жатат. Туура, мырзалар деле жаралгандан кыздан-кыз тандап, селкиден-селки жандап өтүү үчүн жаралбаган чыгар. Жеке мен мырза катары башымдан өткөн окуядан соң жүрөгүм муз болуп, азыр жашым 50гө  жакындап калса да аялзатын мурдагыдай сүйүп, жандай албай келем.

Албетте, мындай жек көрүү мага өзүнөн-өзү уялаган жок. Качандыр бир кезде жүрөгүм элжиреп сүйүп, көзүмө андан башка адам көрүнбөй, бүт ааламды арнап алган адамым азгырылып башкага кеткенде пайда болду. Эт-бетиң менен сүйүп өзүңдү арнап койгон адамың сени сындырып, кабыргаңды майыштырып, жараңа улам жаңылап туз куюп тургандан өткөн азап жок экен.

Мен ал кызга жолукканымда болгону 18 гана жашта эле. Биз окуу жайдан таанышып, эгиз-козудай ээрчишип жүрчүбүз.

Кыз кулагы менен сүйөт деген туура экен. Төрт жыл жүрөгүмдүн төрүндө жашап келген аруум, окууну аяктап жумушка киргенде, өзүнүн жетекчисинин байлыгына арбалып, кымбат белектерине азгырылып кете берди. Дал ошол күндөн тартып, алоолоп жанган от жалп өчтү да калды.

Арадан канча убакыт өтсө да эч бир кыз жандап жибий албадым. Тескерисинче жалгыздык аралына  күн өткөн сайын сүңгүп кирип, кыздарга жек көрүү сезим күчөгөндөн күч алып кала бердим. Апамдын бир канча ирет  «бүлө курсаң боло, куу башың менен өтмөк белең жашоодон» деген сөздөрү жөн гана сөз бойдон кала берди.

Айтайын дегеним эркетер деле назик болот, бир көңүлү сынган соң экинчисине эрмек үчүн сөз айтып, же өзүн алдоо үчүн баш кошуп күн кечирип жүргөндөр бар. Бирок, тээ жүрөктүн түпкүрүндө катып койгон адамы менен кыялында жашап, кийинчэрээк балдарына баарын арнап, бакытысы тоодой болуп көрүнгөндөр аз эмес. Мен ошолорго кадимкидей суктанам. Ичине кекти сактап, жалгыз жаздыкты жаздап жаткандан, баарына кайыл болуп, кез-кезде сол жактарга баса коюп, достору менен  бапырашып жүргөн эле жакшы экен.

Адам болгон соң, айымдардай эле жалгыз бой мырзаларды деле сөз ээрчийт. Жеке мени «көгүш, ошол үчүн үйлөнбөй жүрөт, бул соо эмес ооруйт, куу башы менен канчага чейин өмүр сүрөт» деген сөздөр коштоп келет. Ким эмне айтса да, катуу сүйүүп, кайгырып, кайгынын кара түнүнө кирип алып, андан кайра чыгуунун жолун таппай  жүргөн жүрөктү түшүнүү да, алдоо да кыйын экен.

Бул сезим менен жашап жүрүп канча ырлар жаралды. Кээде ошол ырлар жаңырып, жагымдуу үн коштоп теледен ырдалып жатканда жанагы жарага туз себилет да турат.

А бирок, ал өзүнө арналып кандай ырлар жаралып жатканын, ошол ырды угуп, сүйүп тыңдап анын каарманы өзү экенин ойлоп да койбосо керек.

Баарын башынан баштоо үчүн, башкага көңүл коюп, алаксып деле көрдүм, бирок болбой койду. Бир жагынан өзүмдүкүн туура көрөм. Башкага баш кошуп, көңүл кош күн кечирип. Тил табышпай калдык деп эки ажырым жолго түшүп, ортодо балдары кыйнагандан, жалган жашоодо, жалгыз жашап өткөндөн артыгы жок чыгар.

Мен бул сөздөр менен башкаларды сүйбөгүлө, күйбөгүлө деген жерим жок. Болгону, аябай ишенип, берилип, бүт болгон жан дүйнөңдү арнап салуунун кереги жок экен деген ойду айткым келет…

 

Бишкек шаары,  Жыргалбек.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Блогер блокКоом

Баямандын 50-жазы…

2003-жылы, кышында айтылуу Баяман Эркинбаевге бир жагы жакын аке, бир жагы устат болуп келген, кезинде Фергана, Ош жеринде далысы тийбес балбан аталышкан Малик Осмонов менен Анвар Кадыров, ал кездеги ЖК депутаты Баяман балбан өзү болуп, ондон ашык жаш балбандары менен самолетто бараттык. Самолет Тегеранга түшмөк. Алар чогулган жерде шумдуктай тамашалар болот экен, учактын ортосуна топтолуп алып өзгөчө Малик аке айткан азилдерге ха-халап учак жаңыртып күлөбүз. Балбандар бири-биринин кебине, кебете-кешпирине асылып тамаша салып күлүшөт. Бат эле алардын чөйрөсүнө көнө түшкөн жаным, алдымда олтурган башын тысырайта устара менен кырдырып алган тренер байкени артынан билгизбей жалтыраган башын сүрөткө тартып алдым да Баяман акеге көргөзсөм аны карап алып тимеле жыргап, тизесин чаап күлгөн эле.
Анан жанындагы жардамчысы Саидге карап: “Бишкекке барганда так ушундай фотоаппарат алалычы, эстетип койчу” деген эле. Аңгыча, жол кыскартып, Малик аке менен Анвар акенин ортосуна олтуруп алып кененирээк маалымат сурап кирем. “Алышса адамдын алы жетпеген, Арстандын тиши өтпөгөн, Акбалтанын эр Чубак…” деп айтылат эмеспи “Манаста”, Алыш деген сөздү ошондон алдык” дешти алар. “Экөөбүз мурдатан эле жалпы мусулман элдеринин күрөшүн бир күрөшкө бириктирүү боюнча кыялданып, ойлоп жүрөт элек. 1999-жылдары ал оюбузду Баяманга айтсак жерге койбой колдоп кетти да, артынан түшүп аракет кылып атып, минтип дүңгүрөтүп ишке ашырып салды. “Алыштын” бактысына Баямандын күрөштү сүйгөн адам болуп калганын айт, болбосо, башка адам аны түшүнмөк эмес, колунан да келбейт эле” дешти. Баяман Малик балбандын алдына 13 жаш курагында келген экен.
Бат эле көзүнө илинген шакиртин сынамакка бир күнү өзүнөн эки эсе келген Шерали деген балага күрөшкө салып жиберет. Баяман илбирстей секирип атып акыры аны көтөрүп урат. Ошо күндөн баштап Малик аке экөөнүн күрөштөгү тагдыры биригет. Кийин Бишкекке окуу жайга барам десе: “Сен Бишкекке барсаң күрөшүң өлөт андан көрө күрөштүн мекени Ташкенге бар” деп, Ташкенге көндүрөт. Айткандай эле ал жакта жалаң өзбек, тажиктин мен деген үлкөн күрөштөрүндө жүрүп, Ташкендеги айыл чарба институтун күрөштөгү даңазасы менен эле бүтүп алганын айтышат.
Ошентип, 1995-жыл жакындайт. Эмне дегенде бизнеси кудайга шүгүр, спорттогу жылдызы чолпондой жанып турат, эми эмне керек эле? Эми чоң саясатты татып көрүш темасы чыгат. Дал ошол жылы Сузакта чоң күрөш өтүп, Баямандын эли чогулат да “Баяман, сага бу жолу оңой эмес балбанды ырым кылып алып келдик, жеңсең батабызды беребиз, даңгырап жолуң ачылат!” деп Өзбекстандан келген, салмагы 150 кил баскан бука моюн Аюу деген балбанды каршы коюшат. “Эмне, Баямандын өзгөчө бир ыкмалары бар беле?” дейм, устаты Маликтен. “Ээ, кысталак баланын бир башкача сезгичтиги бар эле да…Каршылашынын кенедей кыймылын кетирбей байкап анан көздөрү чырактай жанып кетчү…анан барып басып калчу…” ошентип Аюу балбандын ары жак бери жагына чыгып отуруп акыры жамбашка салып жерге чабат. Эл “дуу” деп көтөрүп кетет. Ошентип биринчи ирет депутат болот. Ошол күрөш, Эркинбаев Баямандын күрөштөгү акыркы, саясаттагы биринчи кадамы болгон.
Бир кезде терезеден карасам 14 миллиондуу Тегерандын үстүнө келип калыппыз… Эмгиче унутпайм. Ал жердегилер Баяман Эркинбаевди өлкөнүн президентин тосуп алгандай эле тосуп алышкан. Гүлдөр, узун-узун машиналар… Баса,ошондо, кийин аты катуу чыккан Алманбет Анапияев да кошо жардамчы катары жүргөн эле…
2003-жыл. Ал кезде өлкөдө айрым окуялар баш баккан менен али саясий кырдаал тынч болчу. Бийликке сес кылгандар болгон менен Акүй али кадырлуу, бийлик күчтүү, президент абройлуу эле. Арадан эки жыл өтүп 2005-жылдын марты келди. Саясий кырдаал күчөп, Акаев бийлигине реалдуу коркунучтар жаралып турду. Ошол маалда Баяман Эркинбаев оппозицияга өттү. Эмне үчүн? Болбосо ал ошол кезде ЖК нын эки жолку чакырылышынын депутаты эле, “Алыштын” араанын созуп аткан, өзгөчө түштүктөгү бизнеси гүлдөп турган, саясий аренадабы, эл ичиндеби кадыры асман чапчып турган. Акаев бийлигинен эч кандай ыдык көрбөгөн, кийин жубайы “Акаев сага ак жолтой президент болбоду беле!” деп чыркырап аны токтотконго аракет кылмакчы төгөрөгү төп келип, өлкөсүнүн эркин кушу, патриот уулу болуп жүргөн. Мен билгенден аны оппозицияга үч нерсе түрттү.
Биринчиси: өзүнүн бир тууган кайын-тагасы болгон Дүйшөн Чотонов баш болгон, жана Бекназаров, Отунбаева, Артыковдор улам ага келип, ахывалды сүрөттөп, жардам сурап, ошол эле далысынан таптаган Бакиев Бишкектен “давайлап”, жакын адамдарынын назары дегендей, акыры ошол жээкти тандаган. Барылап ага жабылгандарынын себеби, анткени түштүктө аты аталгандардын биринин да Баяманчалык таасири, кадыр-баркы, анан да кудурети болгон эмес.
Экинчиси: жалпы түштүктүк лидерлер үндөшпөй жонунан сезишкен бир туюм, эзелки бир көксөө: ал — өлкөдөгү хандыкты алуу миссиясы. Мына ошол бар эле… ага минтип тарыхый кел-кел көрүнгөнсүп турганы. “Сен болосуң” деп биринин аты аталбаса да ал миссия чыңалып, максат болуп калкып турган.
Үчүнчүсү: түштүктөгү элге акаевдик күч органдарынын дал ошол кездердеги аесуз күч колдонуп жибериши, салгылашты карап тура албаган балбан Баяман ага чыдай алган эмес. Ошону менен ал баш оту менен күрөшкө кирет. Киргенде да жан дүйнөсүн да, чөнтөк дүйнөсүн да төшөп түштүктө туу болуп сайыла алган. Бирок тагдырдын калчанганын карабайсыңбы, ал Акаевди түштүктөн кол жуудуруп, бийлик белин мертинтип “мына!” деп санаалаштарына ак ниет отчетун даярдап Ошто турса капыстан 24-март болот. Акүй болсо Бишкекте. Бактылуулар барып отуруп калат. Ошону менен ага Акүй Акаевдикинен да алыс, чоочун болуп, ага кириш кыйынга айланат. Андан кийинки тагдыры жалпы элге маалым: ал Акаевге каршы эмей эле өзүнө каршы революция жасаганын түшүнөт. Бирок, түштүк эли али да болсо Баяманды мына ак кийизге ороп көтөрүп алчудай болуп колдоп турган. Анан да жаңы келген бийликтин оголе көп сыры ага маалым болчу.
Айтор, көктөн издеген бакыт жерден табылып турган кезде аларга Баяман өтө эле ашыкча фигура эле… Ошону менен анын тагдырына 2005-жылдын 21-сентябры жазылат.
Баяман Эркинбаев тирүү болгондо ушул жазда 50 жашка толмок экен. Демейде саясатчы же башкасын эмгеги сиңген деп, кадырлуу деп, көп иш кылган деп мактайбыз бирок эл жөн гана сүйгөн, караан туткан, бел, күч туткан, бүгүнкүмө, азыркыма, эртеңкиме керек эле деп жер муштаткан да каармандары болот. Ошол өзгөчө угулат. Кыргыздын ошол карааны, ошол каарманы Баяман болчу. Ал бизге керек эле!
Автору Жеңишбек Эдигеев, “АзияНьюс” гезити, 06.04.2017

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Кыргызстан жана Венгрия 50 млн доллар капиталы менен бирдиктүү өнүктүрүү фондун түзүүгө кол коюшту

Кыргызстан менен Венгрия Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу келишимге кол коюшту. 

Документке кол коюу бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртонун расмий иш сапары менен Бишкекке келүүсүнүн алкагында өттү.

“Бүгүн штаб-квартирасы Бишкекте жайгашкан алгачкы капиталы 50 млн долларды түзгөн Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу келишимге кол коюлду. Анын ичинен 16 млн доллары бүгүн, ал эми калган 34 млн доллары жылдын аягына чейин берилет. Аталган фонддун алкагында Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү болгон инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат”,-деди КР ТИМ башчысы Руслан Казакбаев.

ТИМ башчысы аталган фонд айыл чарба, туризм, энергетика жаатында алгылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга инвестиция тартууда уникалдуу аянтча болот деген ишенимин билдирди.

“Ошондой эле, фонд Кыргызстандын аймагында бирдиктүү өндүрүш жана ишканаларды түзүүнү шарттайт. Бул өз кезегинде өлкөдө жаңы жумуш орундарын түзүүгө жол ачат”,-деди Казакбаев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

УКМК: Марат Аманкулов 50 млн сом өлчөмүндөгү келтирген зыяндын ордун толтурду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Марат Аманкулов 50 млн сом өлчөмүндөгү келтирген зыяндын ордун толтурду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин  басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК Кылмыш-жаза кодекстин 323-беренесинин (“Мыйзамсыз баюу”) негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Аманкулов 50 млн сом өлчөмүндөгү зыянды УКМКнын депозиттик эсебине которду. Ал эми калган бөлүгүн келтирилген зыяндын көлөмү так аныкталгандан кийин этап-этабы менен төлөй тургандыгын маалымдайт.

Эскерте кетсек, Марат Аманкулов кызмат ээлик кылган учурда мыйзамсыз баюу, ошондой эле тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөбөй коюуга шектелген.

Аманкуловдун жакын туугандары жана башка адамдар тарабынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алышкандыгы жана алардын жалпы баасы расмий кирешелеринен бир нече эсе ашыкча экендиги аныкталган.

Кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн белгилерин жашыруу максатында активдерин кирешелери расмий тастыкталбаган жакын туугандарына каттаткан. Мүлктү легалдаштыруу максатында банк мекемелеринде кредиттик насыя алуу жолу менен активдерди жакын туугандарына каттаганы аныкталган.

Ал 2008-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги жана Жогорку Кеңешиндеги саясий таасирин колдонуу менен активдерин кыйла көбөйткөндүгү болжолдонууда.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Блогер блок

50гө таяган, атамдай болгон адамдын алдында уйпаланып жаткым келбеди

«Кадам-медиа.кж» маалымат порталы редакциябызга келген каттарды жарыялоону улантабыз. Бул ирет, жаш кызы менен жалгыз күн кечирип жаткан айым кат менен кайрылган.

Саламатсыздарбы “Кадам медиа” сиздердин сайттан көп ирет эжелердин, кыздардын жазган тагдырларын окуп калам. Бул ирет мен да башымдан өткөн окуяны айтып бергим келди. Балким “күкүк аталарга”  алданбай, кыздарга сабак болор. Мен өзүм ата-апа мээримине зар болуп өстүм.  Окудум, иштедим, айтор өз киндигимди өзүм кестим. Турмушка быштым. Мактанбайм бирок дайыма түз жүрдүм. 20 га жаңы чыккан кезимде, чогуу иштеген бир байке биздин жаңы конуштардын бирине мектеп, бакча салып берип жаткан арап ишкери тууралуу айтып, эгер мен макул болсом, ал мага унаа, үй, ай сайын акча менен камсыздап тураарын, болгону мен ага экинчи аял болуу керек экенимди, эч ким менен сүйлөшпөй ай сайын ал Бишкекке келгенде жолугуп тураарын, мага нике кыйдырып аял кылып алаарын айтты.  Араптын кебетесин көргөндө “рахмат” дедим. 50гө таяп, атамдай болгон адамдын алдында уйпаланып жаткым келбеди.  Убакыт өтүп өзүбүздүн эле Нарындык жигитке турмушка чыктым. Чыныгы жашоо ошондо башталды. Көзүндө огу болсо атып ийчүдөй караган кайнене. Эч бир ич жылытар мамиле болгон жок. Күндөр өтүп кыздуу болдук. Төрөттөн кийинки депрессия болдубу же маңдайыма ошондой жазылганбы жолдошум экөөбүз такыр келише албай ажырашып тындык.

Азыр Бишкекте батирде турам. Тар бөлмө, килем үстүндө жөрмөлөп, кээде басууга аракет кылып каз-каз турган кызым экөөбүз. Тили жаңыдан чыгып алгачкы эле сөзү  “ата”  болду. Бирок, сенин ушул сөзүңдү ал азыр укпайт. Анткени башканын кучагында жашоонун ырахытын татып жаткан кербези. Ушундай адамдан жаралган айбандарга таң калам. Биринчи турмушу болбой калган экен, балким мени менен жакшы жашоо кечирет деген ой менен турмушка чыгып, биринчи аялы таштап кеткен уулун өз баламдан артык карадым. Көрсө кептин баары жолдошумда экен. Экөөбүз баш кошкондо биринчи аялын жамандап эле жатып калчу. «Кантсе да эки баланын апасы, сага эки эркек төрөп берди» дечүмүн. Мага дайым “кыз төрөп бер” дээр эле.

Мени кетирип, азыр өзүнөн эки жаш улуу аялга үйлөндү. Эми мени жамандап жатса керек.  Ушул кылыгын билип, биринчи аялдан эки бала, менден бир кыз атасыз өсүп жатканын көрүп ата-энеси да унчукпайт экен. Тескерисинче уулун коштоп, “ооба ал жаман болчу” деп башкага баш коштура берет экен. Эми бул аялын да төрөтүп качпаса болду.

Жашоода “күкүк аталар” деле болот тура. Мага эң башкысы, мени жалгыз таштабай кызды берген жаратканга ыраазымын…

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

АдабиятКоом

Акын, котормочу Таштанбек Чакиев 50 жашта (видео)

Кыргыз окурмандарына “Сүйүү лабиринти” (Бегимай) ыр түрмөгү менен акын-жазуучулардын, адабиятчылардын купулуна толуп, эл аралык деңгээлге чыга алган акын Таштанбек Чакиев 50 жашка толду. Соңку жылдары котормого активдүү киришип дүйнөлүк классиктердин аңгемелерин кыргыз окурмандарына таанытууда.

Япон жазуучусу Р.Акутагаванын, орус классиктери А.Чеховдун, И.Буниндин чыгармаларын которуп, андагы каармандарды кыргызча сүйлөттү. А.Чеховдун “Кутучадагы адам” (Человек в футляре) аттуу китебин чыгарып окурмандардын назарына койгон акын жакынкы аралыкта И.Буниндин котормолорун жарыкка чыгармакчы.

Акындын аңгемеге келип калышы тууралуу көрсөтүүнү көрүп, баа бериңиздер.

Кadam-media.kg маалымат порталы акындын кутман курак 50 жылдык мааракеси менен куттуктап, чыгармачылык эргүү, бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалайт!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Уставдык капиталы 50 млн доллар болгон кыргыз-өзбек инвестициялык фонду түзүлөт

Ушул жылдын 25-декабрына чейин Кыргызстан-Өзбекстан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жана өнөр жай кызматташтыгынын долбоорлорун жүзөгө ашыруу боюнча маселелердин комплекси каралат. Тиешелүү чечим премьер-министрдин м.а. Артем Новиков менен Өзбекстандын премьер-министринин орун басары — Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковдун эки тараптуу жолугушуусунда кабыл алынды. 

Эки өлкөнүн экспорттук географиясын кеңейтүү жана алардын жаңы рынокторго чыгуусу үчүн транспорттук индустрияны, анын ичинде эл аралык транспортту өнүктүрүү маселелери каралды. Андан сырткары, эки өлкөнүн аймагында биргелешкен соода-логистикалык жана дүң бөлүштүрүү инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле буга чейин кол коюлган Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында уставдык капиталы 50 миллион долларды түзгөн кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүү жана бажы чөйрөсүндө өз ара кызматташуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Жол картасына кол коюу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Булак: Акчабар сайты

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

БШКнын алдында 50 дөй киши катышкан митинг болду

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына болжол менен 50дөй адам чогулду. Алар парламенттик шайлоонун өз мөөнөтүндө өтүшүн талап кылышкан. Митингге келгендердин көбү шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын өкүлдөрү экени маалым болду.

Эске салсак, парламенттик кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү боюнча БШКнын чечими чыккан. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары 22-октябрда шайлоонун күнүн жылдыруу боюнча мыйзам кабыл алышкан.

Ошондой эле Биринчи май райондук соту 24-декабрда БШКнын шайлоону 20-декабрда өткөрө турган токтомун жокко чыгарган.

БШК соттун чечимине каршы даттана турганы маалым болду.

Эске салсак, калаада дагы бир митинг өтүүдө. Анда мэриянын алдына эл чогулуп, шаар башчылыгына жаңы жетекчини дайындоону президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон талап кылып жатышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Жээкте эс алып жаткан 50 жаштагы туристти зордуктап, тоноп кетти

Испанияда 50 жаштагы туристти жээкте күнгө күйүп, эс алып жатканда белгисиз  кара денелүү киши зордуктап, тоноп кетти. Окуянын чоо-жайын Mirror басылмасы жарыялады.

Жергиликтүү полиция кызматкери белгиленгендей, окуя күндүз Мурсия аймагындагы Кала Деснуда булуңунда болгон. Жабырлануучунун айтымында, ал сууда сүзүү жана күнгө күйүү үчүн жээкке келген, кийинчерээк бейтааныш адам ага келип, аскага түртүп, кордогон. Ошондой эле кылмышкер туристтин телефонун жана сумкасын уурдап кеткендиги такталган.

Зордукчуну тоодон түшүп келе жаткан түгөйлөр коркутууга үлгүрүшкөн, алар, жээкте эркек менен аялдын жаткандыгын көрүшкөн. Жакыныраак келгенде, алар аялдын ыйлап жардам сураган кыйкырыгын угушат.

«Аял коркуп калгандыктан, кечке  зордуктады деп айта берген. Ал эми зордуктаган жаран, 30дан ашып калган, шляпа, чолок шым жана күрөң футболка кийип жүргөн », — деп түшүндүрүштү окуянын күбөлөрү.

Учурда милиция кызматкерлери кылмышкерди издешүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Балбак Түлөбаев: «Партиялар 50 кишиден көп эмес элди массалык чогултпашы керек

Шайлоого аттанып жаткан партиялар шайлоонун алдындагы иш-чаралары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүп берген ачык аянттарда өткөрүшү керек. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев билдирди.

 «Саясий партиялар өзүнүн үгүт же башка иш-чараларын санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык өткөрүүгө милдеттүү, жана 50 кишиден көп эмес элди массалык чогултпашы керек. Саясий партиялар үгүт иштерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүп берген ачык аянттарда өткөрүшү зарыл».

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Түрк оппозиционери Эрдоганга 50 миң доллар айып төлөйт

Түркия соту Түркия оппозициялык Улуттук-республикачыл партиянын лидери Кемал Кылычдароглуну Президент Тайип Эрдоганга жана анын тууган-туушкандарына 359 миң түрк лирасын (болжол менен 52 миң доллар) төлөп берүүгө милдеттендирди.

Белгилей кетсек, оппозиционер буга чейин Эрдоган менен анын жакын туугандарына финансылык махинацияларга барышкан, ал гана эмес алар 2011-2012-жылдары Мэн аралындагы офшордук компанияга миллиондогон долларларды которушкан деген кине койгон.

Сот оппозиция лидери көрсөтүп жаткан документтер түп нуска экендигин ырастап, бирок, акча которууалр мыйзамдуу түрдө жүргүзүлгөндүгүн, ошондой эле тиешелүү салыктар төлөнгөндүгүн белгилеп, Кемал Кылычдароглуну жогоруда сумманы төлөп берүүгө милдеттендирген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бир суткада 50 дарыгер вирус жуктуруп алды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 50 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу 6-июлда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Алар:
• Бишкек ш. – 23
• Чүй облусунда – 4
• Ош ш. – 7
• Ош облусунда – 4
• Нарын облусунда – 6
• Баткен облусунда – 1
• Ысык-Көл облусунда – 5.
Ал эми бир суткада 3 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1147 учур катталды, алардын ичинен 503 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Лейлекте 50 сотых күрүч талаасын суу жууп кетти

Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында 13-май күнү саат 19:50 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Жаркыштак айылында арыктан суу ашып 50 сотых эгилген күрүчтү жууп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирет. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Тазалоо иштерине 13-май күнү айыл аймактан 1 кызматкер тартылып тактоо иш-чараларын жүргүзгөн. 14-май күнү кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button