КеңешКоом

Энергетика министрлиги электр кубатын үнөмдөөнүн 6 ыкмасын эскертти

Энергетика министрлиги жарандарды электр энергиясын үнөмдөөгө үндөп, анын жөнөкөй жолдорун эске салды.
«Баарыбыз электр энергиясын үнөмдүү колдонуу үчүн майда, бирок маанилүү иштерди эске тутуп алганыбыз оң», — дешти министрликтен.
— керексиз учурда жарыкты өчүрүңүз;

— жарык берүүчү лампаларды энергия үнөмдөөчү лампаларга алмаштырыңыз. Мындай лампалар көпкө чыдайт жана электр кубатын 10 эсе аз сарптайт;

— электр өткөргүчтөрдү токко сайган бойдон калтырбаңыз, аны сууруп койгон туура;

— А классындагы тиричилик техникаларын колдонуңуз: А+, А++. Алар электр энергиясын үнөмдөө жагынан башкы сапта турат;

— бир эле учурда бир нече электр шаймандарын иштетпеңиз;

— жылытуунун альтернативдик булактарын да пайдаланыңыз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button