Коом

Путин Кыргызстанды газдаштырууну 60%га жеткирүүгө жардам берерин убадалады

Кыргыз бийлиги ишке ашырып жаткан өлкөнү газдаштыруу программасына россиялык «Газпром» компаниясы да олуттуу жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүщүндө билдирди.

Анын айтымында, россиялык концерн буга чейин Кыргызстандын газ менен камсыз кылуу системасына 18 млрд рубль инвестиция салып, натыйжада газ менен камсыздоо деңгээли 30 пайызга чейин өскөн.

«Биз билебиз жана президент (Кыргызстандын) дагы бул процесстин бардык катышуучуларынын алдына ушундай милдетти коюп жатат: Кыргызстандын өкмөтү бул көрсөткүчтү 60 пайызга жеткирүүнү күтүүдө жана, албетте, биз буга ар тараптан жардам беребиз», — деп белгиледи Путин.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Чүйдө жол инспекторунан 60 миң сом талап кылган блогер кармалды

Чүйдө интернет-блогер А.Жумагулова кармалды. Ал Чүй облусунун ИИББ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкеринен 60 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жумагулова Чүй облусунун Сокулук айылындагы мейманканалардын биринин аймагында кызматтык унаанын жүргөндүгү боюнча видеороликти таркатам деп коркутуп, инспектордон акча талап кылган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголган.

2023-жылдын 30-августунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө блогер А.Жумагулова 60 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкектеги «Аска-Таш» комплексинде 60 капка жакын таштанды чогултулду

«Аска-Таш» кире бериш комплексинин жанаша жайгашкан аймагында тазалык акциясы өткөрүлдү, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Акцияга Биринчи май районунун акимиты, «Тазалык» ишканасы, «Жаратылыш менин үйүм» коомдук уюмунун ыктыярчылары катышты.

60 капка жакын таштанды чогултулду. Тазалоочу жабдуулар Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын жана «Шоро» компаниясынын колдоосу менен «Эко Деми» коомдук фондунун «Жер Эне» долбоору тарабынан берилди.

Мындай эко-иш-чараларды Бишкектин бардык райондорунда өткөрүү пландалууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

УКМК: Жалал-Абадда 60 мечит мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталды

УКМК Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттердин ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн кабарлады.

Маалыматта теологиялык билими жок адамдар имам болуп алган, өз ишин муфтияттын макулдугусуз жүргүзгөн мечиттерде экстремисттик идеологияны пропагандалоону аныктоо боюнча комплекстүү иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүп жатканы айтылат.

УКМКнын демилгеси менен түзүлгөн комиссиянын курамында өз алдынча башкаруу органдарынын, ИИБдин, «Кадастр» ишканасынын, ӨКМ, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана муфтияттын кызматкерлери бар.

«Комиссия муфтият менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтпөгөн 60 мечит аныктады. Сузакта 33, Базар-Коргондо эки, Ноокенде беш, Аксыда үч, Чаткалда беш, Токтогулда бир, Тогуз-Тородо жети, Жалал-Абадда үч жана Майлуу-Сууда бир мечит мыйзамсыз иштеп жаткан», — деп айтылат маалыматта.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен 11 мечит каттоодон өтүү үчүн тиешелүү документтерин даярдаган.
УКМК мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Архитектура башкармалыгынын, муфтияттын макулдугусуз өз алдынча курулганын ачыктады. Комиссиянын чечими менен эми жаңы мечиттердин курулушун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муфтият көзөмөлдөй турган болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкекте аз камсыз болгон 60 үй-бүлө акысыз көмүр менен камсыз болду

Бишкекте аярлуу жана аз камсыз болгон 60 үй-бүлө акысыз көмүр менен камсыз болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук администрациясы “Имарат” кайрымдуулук фондунун жардамы менен иш-чараны жүргүздү. Жалпы жонунан 60 тонна көмүр таратылды.

Район башчысы Русланбек Тагаев жергиликтүү тургундарга көрсөтүлгөн жардам үчүн “Имарат” фондуна ыраазычылык билдирип, кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

60 жаштагы Мэлсбек Жангазиев изделүүдө. Эки айдан бери дайынсыз

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Ак-Кыя айылынын тургуну 1963-жылы туулган Мэлсбек Жангазиев изделүүдө. Бул тууралуу Жангазиевдин жакындары билдирди.

Мындан 2 ай мурун Нарындан Бишкеке кеткен бойдон, үйүнө кайтып бара элек.  Сүрөттөгү жаранды көргөн билгендер болсо 102ге же көрсөтүлгөн телефондорго кабарлап коюңуздарды өтүнөбүз. Тел: Ватсап:+79256383183, 0700741189.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Маданият

60 жыл сахнада. Бишкекте белгилүү комузчу Самара Токтакунованын концерти өтөт

Эртең, 3-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында СССРдин жана КР эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакунованын “Комуз жана Самара” аталышындагы 60 жылдык мааракелик концерти өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, концертке Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери жана белгилүү ырчылар катышат.

Концерт кечки саат 18:30да башталат.

Белгилүү болгондой, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, комузчу Самара Токтакунова — Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “Манас” ордени жана “Даңк” медалынын ээси, Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы жана ошондой эле көптөгөн эл аралык наам, сыйлыктар менен сыйланган.

Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган.

15 жашынан баштап комузда кол ойноткон Самара Токтакунова Токтогул Сатылганов, Ыбрай Туманов, Карамолдо Орозов, Муратаалы Күреңкеев, Атай Огомбаев, Шекербек Шеркулов өңдү залкарлардын күүлөрүн чертип, элге таанылган.

Ошондон бери колунан комузун түшүрбөй, кыргыз сахнасынын көркү болуп, татыктуу өмүр сүрүп келет.

СССРдин эл артисти чыгармачылыгынын аркасы менен дүйнөнү түрө кыдырган. Түрдүү эл аралык сынактарга катышып, концерт коюп КМШ өлкөлөрүнөн сырткары, Вьетнам, Швейцария, Монголия, Түркия, Куба, АКШ, Канада, Кытай, Финляндия, Египет, Япония, Дания, Мексика, Белгия, Германия, Норвегия, Голландия, Францияга чейин барган.

Комузчулуктан тышкары талант ээси Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик ырдоо кафедрасынын профессору. 40 жылдан ашык убакыттан бери аталган окуу жайда окутуучулук менен алектенип, бир канча шакирттерди тарбиялады.

Алардын алды өлкөнүн эмгек сиңирген артисти болсо, арты маданияттын мыкты кызматкери, эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү болгонго чейин жетишкен.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Балыкчыда жалгыз бой энелер үчүн 60 батирлүү көп кабаттуу үй курулууда

Балыкчы шаарында жалгыз бой энелер үчүн 60 батирлүү көп кабаттуу үй курулууда. Бул тууралуу шаардын мэри Аманат Сыдыков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Шаар башчысынын маалыматына караганда, муниципалдык эсепте турган бул имаратты бүткөрүүгө эл аралык фонд тарабынан каржыланып, 55 миллион сом жумшалууда.
Азыркы тапта тышкы жасалгасы толугу менен аяктап, заманбап шарттагы ишчи жасалгасы аткарылууда.
Турак жай 2022-жылдын жай мезгилинде толук кандуу аяктап, тапшырылары күтүлүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкектин көчөлөрүнө 60 миң көчөт отургузулат

Бишкектин көчөлөрүнө 60 миң даана көчөт отургузулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы 60 миң жашыл тосмо көчөттөрүн отургузууну пландаштырып жатат. Көчөттөрдү отургузуу иштерин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзөт.

«Учурда 20 миң даана көчөт Бөкөнбаев-Абдрахманов, Чүй-Гоголь жана Ч.Айтматов, Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөлөрүнө отургузулду», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Экономика

Дүйнөлүк банк Баткенди өнүктүрүүгө 60 млн доллар бөлөт

Кечээ, 30-сентябрда Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу кеңсесинин өкүлдөрү менен онлайн маек курду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда Баткен облусун аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоору талкууланды.

Аталган долбоордун максаты бир катар секторлорго максаттуу интервенция жасоо жолу менен Баткен облусунун аймактык экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берүү болуп саналат.

Долбоор 6 жылдык мөөнөттө, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 50-60 млн долларга жүзөгө ашырылат. Долбоор төмөндөгүдөй 6 компонентти өзүнө камтыйт:

  • Аймакты туруктуу өнүктүрүүнү пландаштыруу;
  • Муниципалдык инфраструктураны жана базалык мамлекеттик кызматты колдоо;
  • Айыл чарба азык-түлүк кластерин күчөтүү;
  • Чакан жана орто бизнести колдоо үчүн чакан гранттар программасы;
  • Мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга каршы туруу;
  • Долбоорду жүзөгө ашырууну колдоо, көзөмөлдөө жана баа берүү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Максат айылында 60 үй-бүлө жаңы курулган үйлөргө көчүп кирди

Баткендин Лейлек районунун Максат айылында 60 үй-бүлө жаңы курулган үйлөргө көчүп кирип, жашай баштады. Дагы 24 турак үйдүн курулушу жүрүүдө. Апрель айынын аягында орун алган чек ара окуясында тажик тараптын кол салуусунан Максат айылы эң көп жабыркап, 84 үй толугу менен өрттөлүп, жашоого жараксыз болуп калган.

Өлкө башчысынын көзөмөлү менен жапа чеккен айылдарды тез арада калыбына келтирүү иштери колго алынып, өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Лейлек жана Баткен райондорундагы 140 үйдү толук бүтүрүп, пайдаланууга берүү мерчемделген.

Максат айылынын тургуну Санталат Хадиеванын жай турмушу 30-апрель күнү бир заматта өзгөрдү. Канча жылдык мээнет менен тургузган тамы каргашалуу окуяда күлгө айланып өрттөлүп, үстүндө кийип турган кийими менен гана калган. Ошондон бери үй-бүлөсү менен чатырда жашап келген. Эми минтип жаңы курулган ак өргөсүнө көчүп кирип, кубанып турган кези.

Максат айылы менен катар, Арка, Интернационал жана Сада айылдарында жабыркаган жарандар үчүн жаңы турак үйлөрдүн курулушу тынымсыз уланууда. Чек ара чырында Лейлек району боюнча жалпысынан 100 үй өрттөнгөн болсо, учурда алардын 60ы толугу менен курулуп бүтүп, айылдыктар четинен көчүп кирип жашай башташты. Ал эми калган үйлөрдө актоо-сырдоо, тегерегин иретке келтирүү иштери жүрүүдө. Мындан сырткары чек аралаш айылдардын инфраструктурасына да көңүл бурулуп, жакшы саамалыктар аткарылууда.

Жаңы курулуп жаткан үйлөр Сип панель менен салынып, көп убакытты талап кылбастан, тез бүткөрүлүүдө. Мындай үйлөрдүн сапатына кепилдик берилип, Баткен жергесинин климаттык шартына туура келээри аныкталган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш учурунда облустун Баткен жана Лейлек райондорунун бир катар айылдары олуттуу зыян тартып, жалпы 140 үй жана социалдык объектилер, коммерциялык жайлар өрттөлгөн. Жабыркаган айылдарды тез арада калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан 700 млн сом бөлүнгөн.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Акимдерге 60 миллион сомго унаа сатып алынбайт. Президент тендерди жокко чыгарууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы Автотранспорт бирикмеси тарабынан райондук администрация башчыларына (акимдерге) 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды.

Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын, ошондой эле аталган маселе боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жана бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынды», — деди Эрбол Султанбаев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Президенттин Иш башкармалыгы 60 млн сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендер боюнча түшүндүрмө берди

Бул автоунааларды сатып алуу материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана жакшыртуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук администрация башчыларынын (акимдердин) ишинин ыкчамдуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.

Райондордун акимдери үчүн кызматтык унаалар акыркы жолу 13-15 жыл мурун сатылып алынганын белгилеп кетүү зарыл. Алар моралдык жана техникалык жактан эскилиги жеткенине көп жыл болду. Бүгүнкү күндө алардын көпчүлүгү дайыма оңдоп турууну жана республикалык бюджеттен чыгымдарды талап кылууда.

Бийликтин вертикалын чыңдоо, акимдердин статусун жогорулатуу максатында автопаркты жаңылоо чечими кабыл алынды.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгына ылайык, облустарда акимдерди масштабдуу ротациялоо иши жүргүзүлгөн.

Аткарылып жаткан иш-чаралардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана жакшыртуу иштери кайра дайындалган акимдердин эффективдүү иштөөсү үчүн шарттарды түзүп берүүгө карай багытталган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Президентке кара тизмеден чыгуу боюнча кайрылуу жолдонду

Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагынын  Nurik Mambetov аттуу колдонуучусу жазып,  Президент Садыр Жапаровко кайрылуу жолдоду.

Анын айтымында, эки-үчтөн админстративдик айып акчасы барлар баары кара тизмеде.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич Орусиянын кара тизмесине кирип, миндеген кыргыз жарандары кайра кете албай кыйналды.Азыркы убакта актуалдуу маселе болуп турат, Кыргызстанда жумуш жок.Эки үчтөн админстративдик штрафы барлардын баары кара тизмеде, амниссия сурап маселе көтөрүлсө оң жагына чечилип калат беле, 60миңден ашык жарандар бар экен кара тизмеде .Ушул маселени карап чечип берсеңиз рахмат ишинизге ийгилик”,- деп жазат ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Алайда 60 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы ачылды

Ош облусунун Алай районунда 60 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы ачылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан белгилешкендей, аталган оорукананын имараты 1996-жылы курулуп, мектеп катары колдонууга берилген. Пандемияга байланыштуу ал имаратты оорукана катары иштетүү боюнча буйрук чыгарылган. Ооруканадагы оңдоп-түзөө, жабдыктар менен жабдуу жумуштары жергиликтүү бюджеттин, райондук өнүктүрүү фондунун жана жеке демөөрчүлөрдүн эсебинен жасалган.

Жугуштуу оорулар ооруканасы коронавирус жуктуруп алган бейтаптарды дарылоо үчүн пайдаланылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бир суткада өлкөдө 60 адамдан коронавирус аныкталып, бир адам каза болду

Бир суткада өлкөдө 60 адамдан коронавирус илдети аныкталып,  бир адам каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек шаары — 13;
Ош шаары — 1;
Чүй облусу — 2;
Ош облусу — 7;
Талас облусу — 3;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу — 3;
Жалал-Абад облусу — 14;
Баткен облусу — 16.

Жалпы илдетти жуктуруп алгандардын саны: 43 миң 958.

Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон жаран  Бишкек шаарынын тургуну.

Жалпы каза болгондордун саны: 1 миң 60га жетти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

А.Акматова: “Дүйнө жүзүндөгү калктын 60 пайызы ооруп, бул оору эки жылга чейин созулат”

Бүгүн, 9-июлда эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча маалымат берди. Жыйында ага:

«Кыргызстанда учурда болуп жаткан кырдаалды коронавирустун экинчи толкуну деп айтса болобу?» деген суроо берилди.

«Коронавирус биздин өлкөдө 2020-жылдын 18-мартынан тарта тастыкталып баштаган. Андан кийин өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал жарыяланды. Эпидемия ар түрдүү мүнөздө жүрүп, мамлекет жана мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөнүп турду. Карантиндик иш-чараларды, өзгөчө абалды алып салгандан кийин Кыргызстандын бардык аймактарында, өзгөчө чоң шаарларда, калк жыш жайгашкан региондордо коронавирус, ошондой эле ооруканадан сырткаркы пневмонияга чалдыккандардын саны өсүп кетти. Бул жерде биз биринчи же экинчи толкун деп айта албайбыз. Анткени бул шарттуу терминология, эл аралык эксперттер тарабынан киргизилген терминология. Расмий биринчи же экинчи толкун деген жок, анткени эпидемиологиялык өзгөчөлүктөргө ээ. Ал эпидемиологиялык процесс ошол өлкөдө жүргүзүлүп жаткан уюштуруу, алдын алуу, карантиндик иш-чаралардын, изоляция, сезонго жараша көбөйүп жана азайып турганы менен өзгөчөлөнөт.

Эл аралык эксперттердин айтымында, дүйнө жүзүндөгү калктын 60 пайызы ооруп, жамааттык иммунитет калыптанмайынча бул оору эки жылга чейин созулат», — деди Акматова.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Таласта кочкор 60 миң сомго бааланды

Таласта кочкор 60 миң сомго бааланды Талас облусунда мал базарлары ачылды, деп билдирет жергиликтүү басылмалар.

23-майда мал базарларында иштөөгө уруксат берилген. Сатуучулардын айтымында, уйлардын баасы 50-80 миң сом, койдун баасы 6-10 миң сом.

Ал эми эң кымбат кочкор 60 миң сомго бааланган. Ошону менен бирге, базарда тургундардын эпидемиологиялык санитардык абалды сактагандыгы тууралуу маалымат айтылган эмес.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

60 жыл жашаган түгөйлөр коронавирустан улам бирдей кайтыш болду

Daily Mail  басылмасы жазып чыккандай, Британиянын Брин Хоуэллс жана Пэт Хоуэллс аттуу тургундары коронавирус инфекциясынан улам бирдей кала болушту. Алар 60 жыл бирге жашаган түгөйлөр болчу.

 Жубайлардын бири 86, экинчиси 80 жашта болгон.

Алардын биринин артынан бири каза болгондугу убакыттын аралыгы 17 саатты түзгөн.

Улуу Британияда коронавирусту дээрлик 100 миңге жакын киши жуктуруп алды. Алардын 13 миңге жакыны каза болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button