Спорт

Ушу-Саньда боюнча ачык кубогунда ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери алдыңкы орундарга ээ болушту

2023-жылдын 14-15-октябрь күндөрү Жалал-Абад шаарында жайгашкан «Газпром» спорттук аянтчасында Кыргыз Республикасынын Ушу-Саньда боюнча ачык кубогу болуп өттү. Жалпысынан жүздөн ашуун спортчулар катышып, Азербайжандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын спортчулары күч сынашты.

Аталган спорттук сынакка Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери катышып, жалпысынан сегиз аскер кызматкери байгелүү орундарды багындырышты:
— улук сержант Элбекбаев Эмирлан Элбекбаев Таалайбекович 85 кг. салмак категориясында күч сынашып, байгелүү I орунду багындырды;
— кенже сержант Абдишарипов Бекзат Нурзатбекович 90 кг. салмак категориясында күч сынашып, байгелүү I орунду багындырды;
— сержант Эсенов Нурсултан Таалайбекович 85 кг. салмак категориясында күч сынашып, байгелүү II орунду багындырды;
— сержант Аскарбек уулу Адилет 90 кг. салмак категориясында күч сынашып, байгелүү II орунду багындырды;
— улук сержант Камалов Изатбек Кожомбердиевич 90+ кг. салмак категориясында күч сынашып, байгелүү II орунду багындырды;
— ефрейтор Узаков Алтынбек Махаматсолиевич 80 кг. салмак категориясында күч сынашып, байгелүү III орунду багындырды;
— сержант Исаматов Сапарали Базаралиевич 90+ кг. салмак категориясында күч сынашып, байгелүү III орунду багындырды;
— ефрейтор Калыбеков Умар Калыбекович 90+ кг. салмак категориясында күч сынашып, байгелүү III орунду багындырды.

ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button