Анда айтылгандай, 4 кыз зордукталып өлтүрүлгөн. Шектүү бир кызды башына арматура менен чаап тоноп кеткен.
Бир кызды такси менен жеткирип бара жатып, бычак менен коркутуп, колун таңып, зордуктоого аракет кылган. Кыз колундагы жипти үзүп, бычакты тартып алып кылмышкердин колун кесип жиберген. Кылмышкер кызды таш менен уруп кетип калган, кыз аман чыгып, милиция кайрылганы айтылат.
Бул окуялар боюнча шектүү кармалып, камалган. Райондук сот аны “адам өлтүрүүгө аракет кылды”-деп 12 жыл эркинен ажыратат. Кийин, Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы Кумарбектин кылмыш беренесин “тоноочулук” деп алмаштырып, жазасын жеңилдеткени, натыйжада, көп өтпөй эле Кумарбек эркиндикке чыканы айтылат.
Шектүү мындан сырткары 2014-жылдын 16-мартында Бишкек шаарынын четиндеги Байтик айылынан сөөгү табылган Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө да тиешеси бар экени кабарланды.

