КоомСпорт

Камчыбек Ташиев: Ороктогу жаңы футбол стадиону FIFA`нын бардык талаптарына жооп берет

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, КР футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев бүгүн Орок айылындагы жаңы стадиондун курулушунун жүрүшүн текшерди.

Анын айтымында, жаңы стадион эл аралык талаптардын барына жооп берет. Ал 45 миң адамга ылайыкталган жана FIFA`нын бардык талаптарына ылайык курулууда. Жооптуу адистер Түркия жана Англиядан чакырылган, алар иштердин жүрушүн көзөмөлгө алышууда. Куруучулардын 90%ы жергиликтүү жашоочулар. Куруучулар үчүн бул жерде шаарча курулган. Болжол менен 2026-жылы Эгемендик күнүнө объект өзүнүн биринчи көрүүчүлөрүнө эшигин ачат.

«Бул стадион эки жылдын ичинде курулуп бүтүшү керек. Биздин эсеп боюнча, курулуш иштерине 60 млн доллар керетелет. Балким кичине азырак кетиши мүмкүн.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул стадион эле эмес, бардык стадиондордо реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт», — деп кошумчалады ал.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары республикада бир дагы стадион оюндарды өткөрүү боюнча минималдуу талаптарга жооп бербей турганын белгиледи. Д.Өмүрзаков атындагы стадион да реконструкцияланат. Бишкекке эки стадион жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button