Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу аяктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал белгилегендей, Бишкектеги таштанды полигону дээрлик 50 жылдан ашуун убакыттан бери, СССР мезгилинен бери толуп, күйүп-түтөп, шаарды каптап, экологиялык чоң көйгөй жаратып келген. Эми ал жерде таштандыны кайра иштетүүчү завод курулуп, ишке кирди.
Ошондой эле Дайырбек Орунбеков Бишкек шаарында суткасына болжол менен миң тоннадай таштанды чогуларын, завод күнүнө 1200 тонна таштандыны кайра иштетип, электр энергиясын өндүрүп чыгарарын айтты.
«Таштандыны кайра иштетүүнүн натыйжасында 30 МВт электр энергиясы өндүрүлөт. Күйгүзүлгөн таштандылардын калдыгы болгон күлдөн курулуш материалдары чыгарылат», — деп кошумчалады ал.

