Коом
Тазабек Икрамов: «Пакистандыктарга кимдер айдоочулук күбөлүк берип жатканын текшерип, кайрадан сынак алыш керек»
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин жыйынында Кыргызстанда иштеп жаткан Пакистандын жана Бангладештин жарандары жол эрежелерин бузуп, кырсыктарга себепкер болуп жаткандыгын айтты.
Ал бул эки өлкөдөн келген мигранттардын саны, аларга берилген эмгек визасынан бюджетке канча түшүп жатканы боюнча маалымат сурады.
“Азыр алар жеткирүү кызматында, таксиде дагы иштеп жатат. Жол эрежесин сактабай, кырсыктарга себеп болушууда. Кимдер аларга айдоочулук күбөлүк берди? Баарын текшерип, кайра сынак алыш керек”, — деди депутат.