Коом
Кыргызстанда быйыл гепатит жугузгандардын саны 3,5 эсеге өстү
Январь-апрель айларында гепатит жуктургандардын саны 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, гепатитке чалдыккандар Баткен жана Жалал-Абад облустарында көп.
Ал эми сифилис менен бруцеллез 1,1 эсеге өстү.
Ошондой эле, кургак учук жуктургандардын саны 2023-жылдан бери төмөндөөдө. 2024-жылдын 4 айында ал 6,8 пайызга азайган.